Эдил Байсалов Алай районундагы социалдык-маданий обьектилерди кыдырды (фото)

22-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 31

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында, Алай районунун Гүлчө айылын суу менен камсыздоо тутумунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12 миңден ашуун адам жашаган райондук борбордо жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого байланыштуу көйгөйлөр бар.

Мындан сырткары,  Байсалов Курманжан Датка атындагы тарыхый-этнографиялык музейинде болду. Музейге коюлган экспонаттар, экспозициялардын абалы менен таанышып чыкты.

Ошондой эле, ал Ош облусунун Алай районунун айыл өкмөттөрүнүн командалары ортосунда Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк-бөрү турниринин финалисттерин сыйлоо аземине катышты.

22-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X