Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкекте кандай иш-чаралар өткөрүлөт?

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Бишкек шаарында өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.

24-25-август күндөрү, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда кыргыз-казак улуттук көркөм өнөр чеберлеринин эл аралык «Сармерден» теледолбоору өтөт, башталышы 18:00дө.

«Манас» кинотеатрында «Шамбала» көркөм тасмасынын улуттук премьерасы 26-август күнү, саат 18:00дө көрсөтүлөт.

27 августта, Борбордук эски аянтта «Кыргызстан менин мекеним!» аттуу этностор аралык достук фестивалы болот, башталышы саат 10:00дө.

30-31-августта, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин концерти болот, башталышы саат 19:00дө.

30-31-август күндөрү, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда кыргыз элинин төкмө акыны Өтө Көкө уулунун (Жеңижоктун) 160 жылдыгына, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата кыргыз-казак акындарынын айтышы болот, башталышы саат 18:00дө.

31-августта, саат 09.00дө Борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салтанат өткөрүлөт. Аянтта аскер жана эмгекчилер парады, театралдык оюндар, балдар коллективдеринин, кыргыз эстрадасынын, элдик чыгармачыл артисттердин катышуусу менен майрамдык концерт, жалпы элдик майрамдык сейилдөө, кыргыз жана чет элдик белгилүү сахна жылдыздарынын катышуусунда кечки программа даярдалууда.

5-сентябрда, кечки саат 18.00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Ак-Мөөр» опера-дастанынын премьерасы тартууланат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X