Эгиз балдар төрөлдү

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Аймак 54

Кызыл-Кыяда эгиз балдар төрөлдү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, эгиз уулдарды күн мурун, 17-декабрда Махбубахан Кулдашева жарык дүйнөгө алып келген. Учурда эне жана балдардын саламаттыгы жакшы.

Облус башчысы Айбек Шаменов жаңыланган Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүнөн кабар алып, сапарынын алкагында Махбубахан Кулдашеваны куттуктап, белектерин тапшырды. Облус башчысы балдарга узун өмүр, кең келечек каалады. Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйү республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Учурда 70 орунга ылайыкталган мекемеде эне жана баланын ден соолугу үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн.

19-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Аймак 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X