Эйнштейндин каты 1,2 милдлион долларга сатылды
Альберт Эйнштейндин эң атактуу E=mc2 теңдемеси камтылган каты АКШдагы аукциондо 1,2 миллион долларга сатылды. Бул теңдеме тууралуу маалымат биринчи жолу Эйнштейндин 1905-жылы жарыяланган илимий макаласында айтылган.
Масса менен энергиянын эквиваленттүүлүгүнүн теңдемеси азыркы физиканын фундаменталдык концепциясы деп эсептелет.
Ал эми теңдеме тууралуу немец тилинде 1946-жылдын 26-октябрында жазылган Эйнштейндин каты польшалык-америкалык физик Людвиг Зильберштейнге даректелген. Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча бул кат Зильберштейндин жеке архивинде турган жана анын урпактары тарабынан сатыкка коюлган.