"Эркин-Тоо"

Эки айда Нарын облусуна 107,8 млн сом бөлүндү

Быйыл эки айда Нарын облусуна республикалык бюджеттен 82,7 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, облуска теңдөөчү трансферт – 61,8 млн сом, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 3,3 млн сом, электрэнергияга болгон 50% компенсацияга – 17,6 млн сом жумшалды.

Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого — 25,1 млн сом бөлүнүп берилди.