"Эркин-Тоо"

Эки айдын ичинде республика боюнча 140 миң 708 жол эрежесин бузуу катталды

Жол кыймылына болгон көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен ЖКККББ билдирди.

Президенттин «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын аткаруу максатында Ички иштер министрлигинин ЖКККББнын тарабынан жол кырсыктарын азайтуу жана болтурбоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, Ички иштер башкармалыгы тарабынан жол эрежесин одоно бузууларды аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган профилактикалык рейддер уюштурулган. Анын натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 2 айында эле республика боюнча 140 миң 708 ар кандай жол кыймылынын эрежесин бузуу фактылары аныкталган. Алар төмөнкүлөр:

— айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 18305;

— тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 472;

— айдоочулук күбөлүгү жок ТК айдаганы үчүн – 1638;

— ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 57215;

— жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 18;

— ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 147;

— Автоээнбаштык – 24;

— жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, атчан айдаган адамдын же жаныбарлардын айдоочусу тарабынан жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 3732;

— ТК түзүлүшүнө  өзгөртүүлөрдү киргизүү – 1096;

— жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 54109;

— айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 433;

— мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 2285;

— унаа токтотуучу жайга коюлган автоунаалар – 8950.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, республиканын автожолдорунда жол кырсыктары турукташтырылган. Алсак, эки ай ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 17,3%га, каза болгондор 15,5%, жаракат алгандар 14,1%га кыскарды.

Ички иштер министрлигинин ЖКККББы жарандарга: жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана өз милдеттерин так аткарууну эскертет.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!