Эки кабаттуу конок үйлөр мыйзамсыз курулуп жаткан
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы Чолпон-Ата шаарындагы курорттук-рекреациялык аймакта рейд жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эки кабаттуу конок үйлөрдүн мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды.
Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзгөн «Дагас Сити» ЖЧКсына карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, 200 миң сом айып салынды. Курулуш иштери токтотулуп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди.