Эки жашар бала 17 магниттик оюнчук жутуп алган

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76

Оштогу облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасына 2 жашар бала магниттик оюнчуктун 17 даанасын жутуп алган абалда жеткирилип, ага шашылыш операция жасалды.

Бейтап үч күн аралыгында улам-улам кусуп жаткандыктан алгач райондук ооруканага кайрылышкан. Рентгендик текшерүүнүн жыйынтыгында ичегилерде бири-бирине тизилген бир нече бөтөн зат аныкталып, бейтап Ош шаарындагы областтар аралык балдардын клиникалык ооруканасына которулган. Ага шашылыш операция жасалып, ичегиден 17 даана магнит толугу менен алынды.

Маалыматка ылайык, учурда баланын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө тиешелүү дарылоо жүргүзүлүүдө.

Дарыгерлер магниттик оюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу экенин эскертишет. Айрыкча бир нече магнит жутулган учурда алар ичеги-карын ичинде бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге жана операциялык кийлигишүүгө алып келет.

 

 

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X