Эки жылда 34 бала заманбап кол протездери менен камсыз болду
2025-жылы 11,5 миңден ашуун жаран Республикалык протездик-ортопедиялык мекемесинин кызматынан пайдаланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мекемеде алдыңкы технологиялар колдонулуп, бейтаптардын жеке муктаждыктары эске алынууда. Адистер ортопедиялык бут кийимдердин жаңы үлгүлөрүн, жогорку жана төмөнкү буттар үчүн заманбап протездерди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү багытында иш жүргүзүп жатышат.
Министрликтин билдирүүсүндө, алгач ирет «Сколково» инновациялык борборунун резиденти болгон «Моторика» компаниясынын балдар үчүн кол протездери даярдалганы айтылды. Алардын катарына заманбап активдүү тартылуучу «Киби» жана бионикалык «Инди» протездери кирет.
2023–2025-жылдар аралыгында 34 бала аталган үлгүдөгү кол протездери менен камсыз болгон. Анын 76 пайызы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Мындан тышкары, Кореянын «Фаблаб» лабораториясы менен кызматташуунун негизинде 2 чоң жаранга электрондук кол протези жасалып берилди.