Экс-судья адам өлтүрүүгө буюртма бергенби?

20-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36
Адам өлтүрүүгө буюртма берген аскер сотунун экс-судьясы Э.М. шектелүүдө. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Ага ылайык, мурдагы аткаминер алдамчылык боюнча соттолуп, №1 тергөө абагында отурган.
«Экс-судья тергөө абагында отуруп, ага каршы арыз жазган адамды өлтүрүүгө буюртма берген. Ал үчүн 30 миң доллар берүүгө даяр болгон. Анын баласы акчаны «жалданма киши өлтүргүчкө» жеткирип берген. Соттун токтому менен мурдагы судьянын баласы камакка алынды», — деп билдирди булак.
20-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X