"Эркин-Тоо"

Эл аралык деңгээлдеги жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Борбор Азиядагы Улуттук музейлер Кеңешинин мүчөлөрүнүн III эл аралык жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Чикаго университетинин маданий мурастарды сактоо боюнча борборунун колдоосу менен уюштурулду. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, КРдагы АКШнын жана Орто Азия мамлекеттеринин элчиликтери, Чикаго университетинин маданий баалуулуктарды сактоо институтунун профессору Гил Дж. Стайн жана анын курамы, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын улуттук музейлеринин жетекчилери жана өлкөбүздүн музейлеринин жетекчилери катышты.

Мындай өңүттө буга чейин 2 жолугушуу өткөрүлгөндүгүн жана бүгүнкү жолугушуунун чечүүчү боло тургандыгын белгилеген Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова иш чаранын маданий баалуулуктарды сактап, келечек муунга өткөрүп берүүдө чоң роль ойнорун айтып: “Кылымдар мурун Улуу Жибек жолу аркылуу соода-сатык алакасы түзүлүп, Орто Азия элдери бириккен болсо, бүгүнкү күндө ошол Улуу Жибек жолунун улуу салтын, мамлекеттер аралык байланышты биздин музейлерибиз, маданий мекемелерибиз улап келе жатат. Маданий баалуулуктарыбыздын эң башкы сактоочулары болгон музейлердин жетекчилеринин жолугушуусунда Орто Азиядагы улуттук музейлердин электрондук биримдигин түзгөнү турабыз. Тагыраагы музей экспонаттары, архивдик материалдар, маалыматтык, билим берүүчү, маданий, тарыхый электрондук база ачылат. Ошондой эле кесиптик жактан тажрыйба алмашуу жана эл аралык деңгээлде долбоорлорду ишке ашыруу иш чараны уюштурганыбыздын бирден-бир максаты болуп саналат. Долбоорлордун алкагында жолугушуулар, конференциялар, семинарлар, онлайн жана оффлайн көргөзмөлөр өткөрүлөт. Алдыда мүдөө-максаттарыбыз ишке ашып, ортобуздагы кызматташтыгыбыздын жемишин көрөбүз деп ишенем”,-деди.

Чикаго университетинин маданий баалуулуктарды сактоо боюнча борборунун директору, профессор Гил Дж. Стайн эл аралык Кеңешменин берген мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып жатып, буларга токтолду: “Ар бир өлкөнүн музейлеринин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Андыктан улуттук музейлер арасында убактылуу көргөзмөлөр үчүн экспонаттарды алмашуу иштерин жүргүзсөк болот. Бул аркылуу маданияттарды жакындан таанып-билүүгө, баалуулуктар тууралуу маалыматтарды алууга шарт түзүлөт. Аны менен катар кеңешмеде улуттук экспонаттарды мыйзамсыз чет өлкөлөргө алып чыгуу, же уурдоо көйгөйлөрү менен күрөшүү, аларды алдын-алуу аракеттери ортого салынып, талкууланат. Кеңешмени түзүүнүн дагы бир маанилүү тарабы, эгер жалгыз гана  улуттук музей кайсы бир эл аралык уюм менен кызматташа турган болсо, дүйнөлүк деңгээлде көйгөйлөрдү көтөрүп чыгууда алсызыраак болуп калышы мүмкүн. А эгерде “күч бирдикте” демекчи, улуттук музейлер биригип, бир кеңешменин атынан чыга турган болсо, ири жана күчтүү консорциум түзүлөт.”

Иш-чара 2 күнгө созулуп, докладдар окулуп, жолугушуунун экинчи күнүндө, жаңы жазылган “Музей терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү” китебинин презентациясы өтөт.

Алтынай Нурдинова

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!