Эльчибек Джантаев студенттерге мамлекеттик кызматка орношуунун жолдорун түшүндүрдү

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94

Мамлекеттик кызматка кантип орношсо болот жана жаш адистер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Бул суроолор 23-октябрда «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында өткөн брифингде талкууланды.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев студенттер жана журналисттер менен жолугушту.

Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өзгөчөлүктөрү, кызматка кабыл алуу тартиби, кенже административдик кызмат орундары жана жаш адистердин кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Джантаев мамлекеттик кызмат жөн гана кызмат орду эмес, элге кызмат кылуу жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн жоопкерчилик алуу экенин белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик кызматка умтулган жаштар билимине, кесиптик даярдыгына, мыйзамдарды билүүсүнө жана санариптик көндүмдөрүнө көңүл бурушу керек.

Ошондой эле ал жаштарга бош кызмат орундары жана аларга коюлган талаптар тууралуу расмий маалыматтарды алдын ала изилдөөнү сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Иш-чара мамлекеттик башкаруу тууралуу жаштардын маалымдуулугун жогорулатууга жана болочок адистер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталган.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X