ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЭЛЕТТЕГИ КӨЙГӨЙЛӨР АЙТЫЛДЫ
Жалпы журт күбө болгондой, эски жылдын этегинде IV Элдик Курултай өтүп, эки күн бою эл менен бийликтин ортосундагы баарлашуу жүрдү. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат катышып, жер-жерлердеги, аймактардагы көйгөйлөр айтылды. Делегаттардын курамында чет өлкөлөрдө жашаган эмгек мигранттар, диний конфессиялардын өкүлдөрү болду. Ошондой эле курултайга Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана Президенттин облустардагы өкүлдөрү катышты.
Эки күндүк курултайдын жүрүшүндө катышуучулар аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жана калктын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга багытталган маселелерди көтөрүштү. Делегаттар унаа жолдорун оңдоо жана куруу, суу менен камсыздоо объекттерин жана социалдык мекемелерди жаңылоо, ошондой эле аймактарда жеткиликтүү турак жай куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жайыт жерлерине байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча сунуштар айтылды. Мындан тышкары, Курултайдын катышуучулары дары-дармектердин кымбаттыгы, кичи ГЭСтерди өнүктүрүү, туризм тармагын стимулдаштыруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо маселелерин козгоп, мамлекеттик органдардын калк менен тыгыз байланышынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Жарыш сөзгө жазылган делегаттар сүйлөп бүткөндөн кийин Президент Садыр Жапаров IV Элдик Курултайдын жыйынтыгы боюнча суроолорго жооп берип, өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарына токтолду.
Орчундуусун айтсак, Өлкө башчысы тышкы карыздар боюнча суроого жооп узатып, 2035-жылдарга барып карызды толук жаап бүтөрүбүздү билдирди. Бул 30 жылдан бери алынып келе жаткан карыздар экенин белгилеп: “2022-жылы 392 млн доллар, 2023-жылы 595 млн доллар, 2024-жылы 688 млн доллар, 2025-жылы 857 млн доллар төлөдүк. Эми кийинки жылы 1 млрд 48 млн доллар, 2027-жылы 1 млрд 277 млн доллар, 2028-2029-жылдары 1 млрд 326 млн доллардан, 2030-жылы 1 млрд 201 млн доллар төлөсөк, азайып баштайт экен. Ошентип акырындан азайып отуруп 2035-жылы тышкы карыздан толук кутулабыз” деди.
Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын бааларындагы айырмачылык тууралуу суроого жооп берип жатып, батирлердин баалары боюнча кеңири түшүндүрүп берди. Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда ипотекалык турак жайларды курууга “Кыргызкурулушсервис” ишканасы жана дагы эки компания тартылган. Алар батирдин чарчы метрин 700-750 доллардан куруп берүүдө. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 250 долларга чейин кошуп жатат. Бул 25 жылдын ичинде күтүлө турган инфляцияны жабууга жумшалат.
Курултайдын соңунда делегаттар резолюция кабыл алды. Ошондой эле Элдик Курултайда айтылган маселелерди чечүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырылды.
КР Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев:
– Курултай институтунун коомдогу орду жылдан-жылга бекемделип барат. Делегаттардын өзүн алып жүрүү маданияты да өскөнү байкалды. Мурун жергиликтүү маселелер гана көтөрүлсө, быйыл делегаттар улуттук деңгээлдеги маселелерди да айтууга аракет кылышты. Бул аң-сезимдин өсүп жатканынан кабар берет. Биздин аң-сезимибиз өскөн сайын, курултай институтунун коомдогу орду өсүп, көтөрүлчү маселелердин актуалдуулугу байкалууда. Келечекте мындан дагы актуалдуу маселелерди көтөрүп чыгабыз деген ойдомун. Бизде курултай өткөрүү боюнча тажрыйба топтолду. Бул жыйын чын эле коомго керек экен. Курултай – эл менен бийлик ортосунда пикир алмашуу үчүн маанилүү аянтча. Бул жерде бийлик элди, эл бийликти угат.
Кыргызстан Эл ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алманбет Матубраимов:
– IV Элдик Курултай өттү. Президент Садыр Нургожоевич абдан жакшы иштин өтөөсүнө чыгып, өлкөнүн ар бир айылынан келген өкүлдөрдү угуп жатат. Ооба, ар бир жерде, айылда көйгөйлөр бар, алар бир четинен чечилип келе жатат, эми биз келечектүү стратегиялык маселелерди карасак дурус болот. Кыргыздын алдыдагы болочогун аныктаган масштабдуу маселелерди талкуулашыбыз керек. Албетте, “Москва бир күндө курулган эмес” дегендей, баары дароо шайма-шай болбойт. Бирок, ошого карай аракет көрүшүбүз зарыл. Мектеп, бала бакча, жол ж.б. дегендер чечилип бүткөнү калды. Курултайда айтылган маселенин көбү акимдер, облустун өкүлдөрү чече турган көйгөйлөр экен. Биз андан көтөрүлүп, Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү идеяларды айтсак, улуттук масштабдагы иштерди демилгелесек туура болот. Кудай буюрса, кийинки курултайда ошондой деңгээлге жетебиз деген үмүт бар. Мисалы, биздеги эң чоң көйгөйдүн бири болгон чек араны чечтик. Бул – коопсуздук, стабилдүүлүк, өнүгүү. Эгемендүүлүктүн эң негизги, орчундуу маселеси ушул болчу, бул чечилди. Президентке, Генералга ырахмат дешибиз керек!
Этнограф, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев:
– Курултай – биздин ата-бабалар негиздеген институт. Бул адилеттүүлүк принцибине негизделген. Кандай маселе болбосун элдик деңгээлде чогулуп, “ийри отуруп түз чечип” келген. Эгер мындай болбосо маселе кээ бир топтордун кызыкчылыгы үчүн чечилип кетиши мүмкүн. Мына IV Элдик Курултай өттү. Башында айылдын, көчөнүн деңгээлиндеги көйгөйлөр гана айтылган. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, эми улуттук масштабдагы көйгөйлөр айтыла баштады. Бизде улуттук деңгээлдеги саясий, экономикалык, маданий идеология бар. Улуттук дегенде бир нерсени эске алыш керек, бизде бир нече этностор бар, башка улуттун өкүлдөрү бар, биз алар менен тээ атам-замандан бери, кыргыз түптөлгөндөн бери үйлөрү ирегелеш, койлору короолош келе жатабыз. Аларды да угуп келгенбиз, мындан ары да көйгөйлөрү болсо чогуу чечилет. Негизинен, курултайда айтылган көйгөйлөрдүн көбү аткарылып жатат. Көп жылдык долбоорлор менен чечиле тургандары гана ишке аша элек. Мына азыр айтылып жатат, кээ бир жерлерде жөн эле мектептерди кура бериптирбиз деп. Бир айылда үч мектеп салынып, анда окуган окуучулар жок болгон учурлар бар. Ошол эле учурда шаарларда, мисалы Бишкек, Ошто мектеп таңкыстыгы турат. Ооба, азыр делегаттар айылдын деңгээлинен чыга албай, масштабдуу маселелер көтөрүлбөй жаткандыгынын бир себеби, жер-жерде шайлаган маалда ушул маселени көтөрөсүң деп жөнөтүп жатышат. Өкүнүчтүүсү, делегатты тандаган маалда көбү келбей коюп жатышат. Мени өкүндүргөнү ушул, билимдүү, илимдүү адамдар делегат шайлаган маалда катышпай коюп, кийин сын айтышууда. Негизи, бул туура эмес да. Оюнду эрежеси менен ойнош керек. Катышып шайлан же добуш бер. Катышпадыңбы, сын айтканга акың жок. Шайлоодо деле ошол көрүнүш болуп жатат. 37%ы катышып жатат, катышпагандар сын айтышууда.
Кыргызстан пенсионерлер союзунун төрагасы Эсенгул Исаков:
– Төрт курултай өттү, улуу муун боюнча сөз айтылбады. Улуу муунду кастарлашыбыз керек. Анткени, улгайган адамдар – бул мамлекеттин байлыгы. Пенсионерлердин 40%ы интелектуалдар. Булар бекер жумушчу күч. Аларды бардык маселеде пайдаланыш керек. Өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн да салым кошо алат. Улуу муунду карабасак орду жоголуп, ата-наркынан ажырайбыз. Мисалы, биз далай жолду басып келип улгайган муун болдук да. Аны билишибиз кажет. Бизде “КР улгайган жарандары жөнүндө” деген бир эле мыйзам бар, ошого жараша шарт түзүлө элек. Пенсиядан тышкары толтура маселе турат. Мисалы, чет өлкөдө болсо да жаштардын башын кошуп жатат, бизде пенсиядагылардын клубу жок. Клуб түзүп, ошол жерге орто жана кичүү муундун диалогун өткөрүп турса не деген көйгөйлөр чечилмек. Албетте, биздин пенсионерлер союзу колдон келишинче аракет кылып, социалдык дүкөндөрдү ачканга көмөктөшүп жатабыз. Азыр бешөө ачылды. Келечекте 50 дүкөн ачылат.
Ооган согушунун ардагери Орунбек Чондоев:
– Мен Бишкек шаарынан делегат болуп катыштым. Ар бир райондон экиден делегат сөзгө жазылган экен, мен жарыш сөзгө чыга албадым. Бирок, жарандар тарабынан көптөгөн кайрылуулар, арыздар мага келди. Анын баарын тийиштүү кызматтарга тапшырдым, өзүм көзөмөлдөйм. Сөз берилип калса Президентибиз Садыр Нургожоевичке бир маселени айтайын дегем. Буга чейин Шералы Назаркулов атындагы фондго жер маселеси чечилген эле, бирок айыл өкмөт акимге, аким кадастрга, кадастр дагы бирине жөнөтүп, мышык-чычкан оюнундай кылып отуруп, бербей койду. Бул жерде жетим-жесирлерге жардам көрсөтүүчү фонд болмок. Биз аталган маселени Садыр Нургожоевичтин өзүнө кирип айтканыбызда, “Муну эбак эле бүткөрүш керек болчу, муну эмнеге кармап жүрүшөт” деп тапшырма берген болчу. Жергиликтүү бийлик аны аткарбады.
Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидери Улан Кошматов:
– Мен Москва шаарынан делегат болуп катыштым. Биздеги Россияда жүргөн мекендештердин көйгөйлөрү баарына маалым. Башка жерде жүргөндө алардын мыйзамдары менен жашаш керек. Азыр рээстр маселеси абдан кыйын болуп жатат. Тышкы иштер министри, тиешелүү департамент өкүлдөрү менен жолуктук. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз деп айтышты. Ошондой эле биз Москва шаарында маданий үй чечилсе деп өтүнүп келе жатабыз. Жер алынды деген жакшы жаңылыкты уктук. Ошондой эле Москвадагы маданият күндөрү жыл сайын өтүп турса деген да өтүнүчүбүз бар. Мисалы, улуттук уңгу жол демилгесинин алкагында каада-салт, наркыбызды көрсөтүп, Манасыбызды даңазалап турсак эң сонун болмок. Мындан сырткары, жакшы менен жаман бирдей жүрөт экен, каза тапкан адамдын сөөгүн жеткирүү боюнча көйгөйлөр бар. Азыр Москва шаары жана Москва облусу боюнча маркумдун сөөгүн жеткирүүгө мамлекет 70 миң сом бөлүп берет. Ал жетпей калды. Ошону 100 миң сомго көтөрсө деп сунуш бердик. Анткени, моргдун өзүнүн кызматы 25 миңден 50 миңге чейин чыгат. Андан кийинки ритуалдык компаниянын өлкөгө жеткиргенге чейинки кызматы 48 миңден 60 миң сомго чейин. Сөөктү жеткирүүдө авиакомпанияларда да маселе бар, ошону жолго коюшубуз керек. Кээ бири өтө кымбат баада жеткирип жатат. Эң башкысы, чет жерде жүргөн мекендештерибиздин алтын баштары аман, ден соолуктары чың болсун деп тилейбиз. Азыр Президентибиздин, урматтуу генералыбыздын аракети менен өлкөбүздө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат, биз буга абдан кубанычтабыз. Жаштарга өз өлкөбүздө иштегиле деп кайрылып жатабыз.
Зулпукаар Сапанов