Элдик Курултайдын Кочкор районунан шайланган делегаты Нияз Эсеналиев: “МАСЕЛЕЛЕР ЧЕЧИЛИП, КӨЙГӨЙ АЗАЙЫП БАРАТАТ”
Жыл тогошоор алдында жыйынтыкталган IV Элдик Курултайдын жүрүшү, андагы көтөрүлгөн көйгөйлөр, калпы чыккан делегаттар, сунушталып, талкууланган маселелердин айланасында алыстан келген делегат менен ат жалында маектештик.
— Нияз мырза, IV Элдик Курултай өз максатына жеттиби? Элдин сизди борбордук бийликке карай “аттап-тондоп” жөнөткөн соболдорун айтууга жетиштиңизби? Же трибунага чыгууга кезек жетпей, куржунга артына келген соболдоруңузду “кагазга ороп” кала бердиңизби?
— IV Элдик Курултай негизинен өз максатына жетти деп ойлойм. Курултай институту жыл өткөн сайын торолуп, телчигип, карапайым эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп бере ала турган аянтчага айланып калгандыгын көрдүк. Жеке өзүм IV Элдик Курултайга Кочкор районунан шайланган 10 делегаттын бири болуп бардым. Биз башында эле райондун акими, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары болуп бир нече ирет жолугушуп, районубуздагы негизги көйгөйлөрдү так аныктадык. Курултайга кечиктирилгис маселелерди кийирүүгө чечим кабыл алдык. Жеке өзүм трибунага чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк болбой калса дагы аймагыбыздын маанилүү көйгөйлөрүн кат жүзүндө алып бардым. Алар: Комсомол – Кум-Дөбө жолу, Каракол суусуна БДР куруу, Комсомол айылына маданият үйүн жана спорт комплекс куруу, бийик тоолуу шартта жашаган пенсионерлердин ссуда кайтарымдарын жоюу. Буюрса бул көйгөйлөр аткаруу органдары тарабынан чечилет деген ишеничтемин. Айрыкча, Комсомол – Кум-Дөбө жолу, БДР, маданият үйүнүн курулуусу приоритеттүү иштерден деп эмитеден табылды.
— Шайлоо тууралуу Президентти алдаган делегаттардын катарын сиз дагы толуктадыңызбы?
-Кызык, ал жерде Урматтуу Президентибиз быйылкы шайлоонун өтүшү, техникалык камсыздалышы боюнча айтып жатып делегаттарга “шайлоого добуш берүүгө ким барды?” – деген суроосуна жапырт кол көтөрүп жиберишпедиби. Бирок, 71 делегат шайлоого барбаганы анык болуп калды. Мындай жагдай бир эседен өкүнүчтүү, бир эседен күлкүлүү да болду. Барбаган адам жөн гана кол көтөрбөй коюш керек эле. Маселен, жеке мен шайлоого барып, тандаган талапкериме добушумду бердим. Ошондой эле окурмандарды да шайлоолорго барып, атуулдук милдеттерин аткарууга чакырам. Шайлоого баруу менен биз келечек тагдырыбызды тандайбыз.
— Курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөр өз деңгээлинде чечилерине көзүңүз жеттиби?
— Өлкөбүз экономикалык жактан барган сайын өсүш алып жаткан тапта Курултайда айтылган көйгөйлүү маселелер аткарылат деп ишенем. Болгону убакыт гана керек. Маселен, мурдагы Курултайларда айтылган мектеп, бала бакча, жол маселелери четинен чечилип, көйгөйлөр азайып баратат. Биздин өлкөбүз агрардык мамлекет болгондуктан эмки кезек сугат-ирригация тутумдарын оңдоп-түзөө, жаңыларын куруу көйгөйлөрүнө келди. Бул маселелер тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевге, курулуш министри Нурдан Орунтаевге, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевге жеке өзүм жолугуп, каттан тышкары да оозеки түрүндө ой-сунуштарымды айтып, жеткирдим.
— Бул жолку Курултай буга чейинки Элдик жыйындардан эмнеси менен айырмаланды деп ойлойсуз? Маселен, сиз делегат катары шайланып келген аймактын көйгөйлөрү буга чейинки Курултайларда көтөрүлүп, маселелери “жүр-нарыга” салынбастан чечилиптирби?
— Бул жолку Курултай мурдагылардан башкачараак форматта болду. Уюштуруу иштери, делегаттардын жол жүрүү коопсуздугу мыкты уюштурулганын баса белгилей кетким келет. Өзгөчө министрлер, аткаруу бийлигиндеги тиешелүү жетекчилерге делегаттар суроо-талап, каттарын, көйгөйлөрдү түз жеткирүүгө шарт түзүлгөндүгү айрыкча жакшы болгондугун баса белгилеп айта алам. Анан калса биздин аймактын маселелери мурда да Курултайларда айтылып келген. Быйыл башта айтканымдай Комсомол–Кум-Дөбө жолу, Каракол БДРдин ТЭОсунун иштелип жатышы мени абдан кубантты. Бул иштерди Кочкор районунун акими Баялы Досалиев белсене билек түрө колдоп жатканы мени абдан кубандырууда. Эгерде ушул БДРдин курулушу аяктаса келечек муунга чоң белек болмок.
— Дегеле Элдик Курултайдын келечегине божомолуңуз кандай?
— Келечекте Элдик Курултай институту өркүндөп, өнүгүп, тамыры кенен жайылат. Карапайым калк менен бийликтин ортосундагы түз көпүрө катары Курултай дагы күчтөнө берет. Баш Мыйзамыбызда көрсөтүлгөндөй сунуш берүүчү укукка ээ орган катары өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошот деп ишенем. Баса белгилөөчү жагдай, дал ушул Курултайда “мугалим менен дарыгерлердин маяналары 100%га көбөйөт” – деп Президент өз оозу менен билдириши бул Элдик Жыйындын зоболосу жогору экенин билдирет.
Калыгул Бейшекеев