"Эркин-Тоо"

ЭЛЕКТР ТАРМАГЫБЫЗДЫ ЖОГОТУП АЛУУ КОРКУНУЧУ БАР

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу электр энергиясынын тарифин көтөрүү маселеси боюнча элге кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы кайрылуусунда энергетика тармагынын бүгүнкү “мышык ыйлай” тургандай абалына токтолуп, акыркы 15 жылдан бери кыш мезгилинде өзүбүздөн чыккан энергия жетпей учурда 3 млрд кВт электр энергиясын тыштан 3 сомдун тегерегинде (мурдараак 5 сомго чейин) сатып алууга аргасыз болуп жатканыбызды белгиледи. Жыл өткөн сайын электр энергиясын керектөө өсүүдө. 1991-жылы керектөө жылына 9 млрд болсо, азыр 16 млрд кВт электр энергиясын керектейбиз. Элдин саны дээрлик бир жарым эсеге көбөйгөн. Курулуштардын саны да эселеп өскөн. Бирок энергетика тармагында эч бир жаңылануу болгон эмес. Президент эгемендүүлүк мезгилинде бир да ГЭС, чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары курулбаганын, электр жабдыктардын эскирүүсү 80%дан жогору экендигин айтты. Ал эми энергетика тармагынын карызы учурда 137 миллиард сомду түзөт.

Садыр Жапаров айткандай 3 сомдон сатып алган электр энергиясы элге 0,77 тыйындан, андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тыйындан, тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарга 0,77 тыйындан лимитсиз берилип, ортодогу айырма баягы эле энергетика тармагынын 137 млрд карызынын үстүнө карыз болуп кошулуп келет.

Мамлекет башчысынын айтымында ушул тапта 50гө жакын орто жана кичи ГЭСтер курулуп, Камбар Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери башталып, жол, көпүрө, туннель куруу, электр аба чубалгыларын тартуу ж.б. иштер жасалып жатат.

Президент кайрылуусунда айрым жерлерде жарык өчүрүлүп жаткан маселеге да токтолуп, веердик өчүрүүлөр эмес, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулап, электр жабдууларга күч келгендиктен электр жабдыктарды сактоо максатында жана авариялык өчүрүүнүн алдын алуу үчүн жарыкты өчүрүүгө аргасыз болууда деп түшүндүрдү. “Эгерде электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иштери өз убагында аткарылбаса, биз эле эмес жалпы Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык тутумун системалуу аварияга алып келиши мүмкүн”, — дейт Садыр Жапаров. Эске салсак, өткөн жылы 25-январда жалпы Борбор Азия боюнча системалык авария болуп, региондун көпчүлүк бөлүгү жарыксыз калган.

Мамлекет башчысы тармактагы кыйынчылыктарга карабастан эскилиги жеткен электр жабдууларын кесипкөй адистерибиздин күчү менен оңдоптүздөп кышка жакшы даярдык көрүлгөнүн, Кудай буюрса сууктан жакшы эле чыгабыз деген ишенимин билдирип, анча-мынча ыңгайсыздыктар жаралган болсо ал үчүн элден кечирим сурады.

Президент кайрылуусунда энергетика тармагындагы бүгүнкү абал боюнча негизги маалыматтарды бөлүшүү менен электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү жөнүндөгү оюн ачык билдирди. “Ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз. Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Себеби, бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы чыккан жеринде 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт/саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт.

Калганын өзүңүздөр талдап көрсөңүздөр болот”, — дейт Садыр Жапаров.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№5 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!