Электрди үнөмдөбөсөк кыш эч кимди чекеден сылабайт

20-декабрь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

Кыштын алгачкы күндөрү быйыл жылытуу мезгили жеңил болбосун көрсөтүп койгонсуду. Эгерде кышта суук климаттык деңгээлде сакталса электр энергиясы менен камсыздоодо тартыштык болушу толук мүмкүн. Бүгүнкү шартка байланыштуу энергетиктердин калкка кайрылуу жасап, электр энергиясын үнөмдөөгө үндөп жатышы да бекеринен эмес. Буга бир канча себептер бар.

Биринчиден, керектөөнүн өсүшү бир эле электр энергиясын өндүрүүнүн жетишсиздигинен эмес, жылданжылга электр энергиясына керектөө өсүп жатышынан да болууда. Мисал үчүн алыс барбай эле кыштын алгачкы күндөрү керектөө буга чейинки кыш чилдесинде катталган жогорку чекке жетип жатканын айтсак жетиштүү болор. Калктын саны өсүүдө, ошондой эле азыр ар бир үйбүлөдө турмуш-тиричилик техникаларына сан жетпей калды. Анан да керектөөчүлөрдүн баарына эле отундун альтернативалуу булактары — газ, көмүр жеткиликтүү эмес. Баарына жеткиликтүү электр энергиясы, бирок азыркы шартта керектөөнү толук камсыз кылууга мүмкүн болбой жатат. Акыркы жылдарда суунун аздыгына байланыштуу суу сактагычыбыз керектүү деңгээлде толбой, электр энергиясынын тартыштыгын жаратууда. Бирок быйыл өткөн жылга салыштырмалуу суу көбүрөөк топтолду. Суунун суу сактагычка агымы азайып, жылытуу мезгили баштала элек 25-октябрды алсак, Токтогул суу сактагычында 13 млрд 632 млн кубометр суу бар болчу. Ал эми 2021-жылы ушул эле күнү 12 млрд 75 млн кубометр суу топтолгон. Бирок былтыр кыштын жылуу өтүшү менен эптеп жылытуу мезгилинен чыгып кеттик. Быйыл суу былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк болгонуна карабастан үстүбүздөгү жылдын 15-декабрына карата суу сактагычыбыздагы суунун көлөмү 11 млрд 972 млн кубометрди гана түзөт. Кыш жаңы эле башталганын эске алсак мындай темп менен энергетикалык кризиске кептелишибиз ыктымал. Кыштын биринчи айынын башталышында эле 1,5 млрд кубометрден ашык сууну сарптап койдук. Белгилей кетсек, суунун агып келүү агымы секундасына 142 кубометр болсо, чыгымы 819 кубометрди түзүүдө. Былтыр кыштын жылуу өтүшүндө да март айында суу сактагычтагы суунун көлөмү дээрлик критикалык чекке жакындап, 7,9 млрд кубометрди түзгөн. Эгерде электр энергиясын үнөмдөбөй, кайдыгер мамиле кылсак энергетика тармагына гана эмес, кыштын күнүндө өзүбүзгө да кыйынчылык жаратып коюшубуз мүмкүн. Андыктан энергетиктердин калкты электр энергиясын үнөмдөөгө үндөп жатышын туура кабыл алуубуз керек.

Энергетиктердин ишениминде үй-бүлөдө мүмкүн болушунча айрым техникаларды пайдаланууну токтото турсак энергетика тармагына гана эмес, үй-бүлөлүк бюджетке да пайда алып келет. Энергетиктердин билдирүүсү боюнча бүгүнкү күндө өлкөбүз боюнча энергетика тармагы ашыкча кубаттуулукта иштөөдө. Мүмкүн болушунча бир бөлмөгө кирсе, экинчи бөлмөнүн жарыгын өчүрүп дегендей электр энергиясына өтө этият мамиле жасоо талап кылынууда. Өзгөчө эртең менен 8ден 9га, кечкисин саат 18ден 21ге чейин электрди көбүрөөк керектөөчү техникаларды колдонбой турууга чакырышууда. Кечке маал керектөө жогорку чектерге жетип, 3 миң 350 мегаватт саат болууда. Былтыр бул көрсөткүч 3 миң мегаватт сааттан ашкан эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө ГЭСтин экинчи жана үчүнчү агрегаты ишке кирип, мурда 300 мегаватт кубаттуулукта иштесе учурда 374 мегаваттка чыккан.

Экинчиден, энергетика тармагы кышка карата кандай даярданды? Бул маселе да көңүл жубатарлык эместей көрүнөт. “Электр станциялары” ААКсынын башкы директору Таалайбек Байгазиевдин билдирүүсү боюнча Бишкек ЖЭБинде учурда 114 миң тонна көмүр кору бар. Бирок бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 тоннага аздык кылат. Себеби, көмүр буга чейин биринчи кезекте калкка жеткирилип, эми ЖЭБге ташыла баштаптыр. Анын ынандыруусунда баары план боюнча жүрүп жатат. Албетте, суу аз болсо аны көбөйтүү колдон келбейт, бирок эмне көмүр менен ЖЭБди да, калкты да жылытуу мезгили келгенге чейин эле камсыз кылуу да колдон келбейби? Суунун мезгил мезгили менен көбөйүү же азаю цикли биринчи жолу болуп жаткан жок. Акыркы жылдарда суунун аздыгын баштан кечирип жатабыз. Табияттын бул кубулушун эч нерсе кыла албайбыз, бирок ошого жараша кышка даярдык көрсөк болбойбу. Калкты сапаттуу жана жеткиликтүү отун менен камсыз кылуу жагында кардиналдуу аракеттер көрүлүшү керек. Болбосо тиричилик техникаларын айтпаганда да турак-жайын жылытуу үчүн кубаттуу электр жылыткычтарды колдонууга туура келет. Анчалык керектөөнүн электр тармагы көтөрө албасын бизден да энергетиктер жакшы билет эмеспи.

Үчүнчүдөн, калктын аялуу катмарын кандайдыр колдоо менен катар тариф саясатын кайра кароо учур талабы. Азыр мобилдик байланыш, интернет үчүн бир үйбүлөдө 3-4 адам болсо анын ар бири кеминде мобилдик байланыш үчүн реалдуу айтканда 250-350 сом, интернет үчүн бир үй-бүлө кеминде айына 1000-2000 сом сарп кылат. Бирок ошол эле учурда үйдү жылытууну кошпогондо орточо 200-400 сом электр энергиясы үчүн төлөйт. Анан электр энергиясына тарифти көтөрүү жөнүндө сөз болсо эле байкуш боло калмай адатыбыз бар. Пайдаланганга жараша пул төлөгөнгө үйрөнүшүбүз керек. Ошондо ар ким өзү эле электр энергиясын үнөмдөөгө өтөт. Учурда кичи ГЭСтерден баштап ири Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга мамлекет жетекчилиги тарабынан иштиктүү аракеттер болууда. Келечекте электр энергия көйгөйүн унуткан күндөр да келет деген илгери үмүт бар. Азырынча электр энергиясын үнөмдөө менен кыштан чыгуудан башка арга жок болуп турат.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№111 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 20-декабры

20-декабрь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X