Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкерлери аба-ырайынын суукташына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Мындай чара керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында көрүлүүдө.
«Кескин суукка байланыштуу учурда Бишкек электр тармактар ишканасында жооптуу кызматкерлердин кезмети уюштурулду. Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында ишканада 12 ыкчам чыгуучу бригада нөөмөттө турушат. Ыкчам чыгуу үчүн атайын техника жана нөөмөттүк автомашиналар даярдалды. Штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы ыкчам жоюу схемасын иштеп чыгуу менен даярдалып, бардык оңдоо бригадалары зарыл запастык бөлүктөр менен камсыз болгон. Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болгон учурда күнү-түнү иштөөчү колл-борборго 1209, 105 номерлерине, ошондой эле мобилдик операторлордун 0772 001209, 0702 001209 номерлерине кайрылууга, же WhatsApp 0556 001209 номерине жазып, маалымат алса болот»,- деп айтылат маалыматта.