"Эркин-Тоо"

Электрондук товардык-транспорттук колдонмону  жоюуга жол берилбейт

Бирок процести жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргенин анын маалымат кызматы кабарлады.
Төрага Салык кызматында кеңешме өткөргөн.
«ЭТТКны жоюуга жол берилбейт, бирок бул процессти жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. ЭТТК талап кылынган товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу зарыл», — деген Касымалиев.
Отурумдун жыйынтыгында ЭТТКны киргизүүнүн жана жөнөкөйлөтүүнүн жыйынтыктарын изилдеп, Салык кызматынын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыга турган атайын комиссия түзүлмөй болду.
Пример HTML-страницы