Эмгек акыларды «Элкарт» аркылуу төлөө сунушталды
Эмгек акыларды «Элкарт» аркылуу төлөө сунушталды. Сунушту Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги киргизип, Президенттин жарлыгынын долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Максаты — экономикалык коопсуздукту бекемдөө, улуттук төлөм системасын өнүктүрүү жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү.
Жарлыкка ылайык:
стратегиялык объектилердин кызматкерлерине эмгек акы «Элкарт» улуттук төлөм системасынын банктык карталары аркылуу төлөнсүн;
бардык уюмдарга жана мекемелерге эмгек акыларды «Элкарт» аркылуу төлөө сунушталсын;
банктарга жана башка уюмдарга улуттук төлөм системасын колдоо боюнча шарттарды түзүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.