Эмгек акыларды «Элкарт» аркылуу төлөө сунушталды

26-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33
Эмгек акыларды «Элкарт» аркылуу төлөө сунушталды. Сунушту Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги  киргизип, Президенттин жарлыгынын долбоорун  иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Максаты — экономикалык коопсуздукту бекемдөө, улуттук төлөм системасын өнүктүрүү жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү.
Жарлыкка ылайык:
стратегиялык объектилердин кызматкерлерине эмгек акы «Элкарт» улуттук төлөм системасынын банктык карталары аркылуу төлөнсүн;
бардык уюмдарга жана мекемелерге эмгек акыларды «Элкарт» аркылуу төлөө сунушталсын;
банктарга жана башка уюмдарга улуттук төлөм системасын колдоо боюнча шарттарды түзүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.
26-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X