Жакында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөдө балдар менен иш алып бара турган социалдык кызматкерлердин 550 жаңы штаттык орун киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Анын башкы максаты өлкөдө турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды ар тараптуу колдоо жана коргоого багытталат. Эми социалдык кызматкерлер балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, катаал мамилеге, зордук-зомбулукка жана кайдыгерликтин алдын алуунун үстүндө иштешет. Жыл соңуна чейин аймактардагы соцкызматкерлер жетишсиз жерлерге жумушчулар кабыл алынып, бул жаатта иштер башталат. Ушул маселелер тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин адисин кепке тарттык.
— Бакыт Буронбаевич, ушу тапта өлкөдө канча социалдык кызматкер бар? Алардын милдеттерине эмнелер кирет?
— Балдарга арналган иштер, бул жаңы кадамдар алардын бакубат жашоосун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү элементи болуп саналат. Өлкөдө биринчи жолу социалдык колдоо системасын мындай масштабдуу күчөтүү каралууда. Жакындан тартып региондордо иштей турган жана колдоого муктаж балдарга даректүү жардам көрсөтө турган адистерди кабыл алуу жана даярдоо этабы башталганы турат. Президент кабыл алган Жарлыктын максаты балдарды социалдык жактан колдоонун эффективдүү системасын түзүүгө жана алардын жыргалчылыгына коркунуч келтирбөөгө умтулуусун баса белгилейт. Социалдык кызматкерлерди ишке киргизүү Кыргыз Республикасында балдарды коргоо институтун өнүктүрүүдө маанилүү кадам болмокчу. Ал эми бүгүнкү күндө министрликтин аймактык башкармалыктарында жалпы 950 социалдык кызматкерлер бар, өз иштерин алып барышууда. Бирок, алар жеринде жалгыз калган же улгайган, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып ар түрдүү кызматтарды көрсөтүшөт. Мисалы коштоп оорукана, почтага жана башка жактарга барышат. Зарыл болсо үй ичиндеги жумуштарын да жасоо иштерин аткарышат. Биз сөз кылып жаткан соцкызматкерлер балдар маселеси менен иштешет. Анткени, буга чейин бизде балдардын маселелери менен бир беткей тыгыз иштеген соцкызматкерлер жок болчу. Буга чейин аймактын башкармалыктардын балдардын укуктарын коргоо бөлүмдөрүндө 2 же 3 мамлекеттик кызматкер балдар маселесин тейлешчү. Эми бул тармак кеңейе турган болду.
— Бүгүнкү күндө социалдык кызматкерлер жетиштүүбү жана кадрларды даярдоо жагы кандай жолго коюлган?
— Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларда социалдык кызматкерлерди окуткан кафедралар иш алып барат. Мындан тышкары социалдык кызматкерлер атайын кесиптик окуулардан өтүп турушат. Балдар менен иш алып бара турган соцкызматкерлер балдар менен жекече иш алып барышат. Балдарга тиешелүү чечим, корутундуларды даярдайт. Баланын ден соолугуна зыян жаралса, зордук-зомбулукка кабылса жеринен барып кабар алып, тиешелүү тараптар менен текшерип, чечим чыгарылат. Өткөн жылы өлкө боюнча 100 миңге жакын баланын ата-энеси миграцияда экени белгилүү болду. Жаңы социалдык кызматкерлер ушул өңдүү рейддерге чыгат. Ар бир баланын муктаждыгын аныкташат. Балдарга байланышкан сот иштерине чейинки керектүү документтер менен иш алып барат. Планыбызда 550 жаңы кызматкер 5 этап менен кабыл алынат деп турабыз. 5 этапта 100дөн кызматкер болот. Аймактардагы ар бир башкармалыкка 2, 3 кызматкер туура келет. Кабыл алынган кызматкер атайын окуулардан өтөт. Атайын жумушчу топ окуудан өткөрүү боюнча окуу модулун иштеп чыкты. Азыр бекитүү процессинде турат. Негизги талаптар боюнча Жобо иштелип чыкты. Ушу жумада жобо коомдук талкууга чыгарылат. Жободо талап, милдети, максаты, канча бала тейленет жана анын жыйынтыгы тууралуу камтылган.
— Бүгүн социалдык кызматкерлер канча айлык алышат?
— Бүгүн иштеп жаткан социалдык кызматкерлер менен жаңы кабыл алынып жаткан кызматкерлердин айлык-маянасы бирдей. Негизги айлыгы 15 миң сомго жакын. Мындан тышкары айыл жергесинде иштегендердин өзүнчө кошумча акча кошулат. Тоолуу аймактардагы кызматкерлердин маянасына да кошулуп төлөнүп берилет.
Мээрим Бактыбек кызы