"Эркин-Тоо"

Эне-бала эркинен ажыратылды

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, райондук соттун 2025-жылдын 5- февралындагы өкүмү менен К.Д.А. (Кутманова Динара Асиевна) кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен күнөөлүү деп табылып, мүлкү конфискацияланып, 3 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратылып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле анын уулу Кемелбек Кутманов да кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгү (“Алдамчылык”) менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жана 3 жылга жеке ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2023-жылы 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактылардын алкагында кармалганын кабарлаган. Ал министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалып, ушул жылдын март айында кызматынан бошотулган.

Пример HTML-страницы