ЭНЕ ТИЛДИ СЫЙЛАГАН ЭЛДИН УУЛУ БАР БОЛСУН!
Кылым карыткан кыргызда “Кишини ичинен бил, ичинен биле албасаң ишинен бил” деген нарктуу кеп бар. Ал бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна төп келишип тургандай. Өз ишин аткарууда өжөрлүгүн көрсөтүп, өлкөдөгү экинин бири болгон эң жооптуу кызматты ийгиликтүү аркалап, мамлекеттик деңгээлдеги иштерди ийине келтирүүдө. Өзүнүн токтоолугу, оор басырыктуулугу менен алкоого алынып, дасыккан саясатчы, өз ишин аткарууда абийирине камчы салдырбаган мамлекеттик ишмер катары таанылууда.
Турмушта жаштайынан бышып жетилген же тубаса жөндөмгө ээ адамдар болот. Мындайча айтканда, жаш курагынан эрте жетилген адамдар бар. Нурланбек Тургунбек уулу дал ошондой кашкөй инсандардын бири десек жаңылбайбыз. Дегенибиз, тубаса жөндөм бар экени турмуш чындыгында тастыктады. Сөзүбүз куру болбошу үчүн өмүр жолундагы урунттуу учурларга токтолсок, кырчын курак кезинде, 19 жашында “Обон” гезитинин башкы редактору болду. Андай жерге жетиштин өзү оор, жеткенден кийин жоопкерчиликти аркалоо андан кыйын. Бирок, Нурлан мырза өзгөчө жөндөмгө ээ экенин көрсөтүп, “Обонду” бийик деңгээлге чыгарганына күбө болгонбуз. Андан соң “Учкун” гезитин башкарып, андан кийин мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитин жетектеди. 29 жашында Президенттин басма сөз катчысы болуп, бараандуу иштерди кылып, “ЭлТР” телеканалынын башкы редакторлук кызматын да аркалады. 34 жашында Маданият министри болду. Ушул аралыкта бир да жерде артынан жаман сөз ээрчиген жок. Бардык жерде иштин майын чыгарганы боюнча жакшы кептер гана айтылып, иш билги жетекчи катары оозго алынды.
2021-жылы элдин колдоосу менен Нурланбек Тургунбек уулу депутат болуп шайланып, андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы болду. Бул өтө чоң жоопкерчилик эле. Албетте, тубаса жөндөм жана топтолгон тажрыйба спикерлик кызматта да өзүн көрсөттү. Мамлекетибиздин алдыга жылышына зарыл болгон мыйзам долбоорлору токтоосуз кабыл алынып, аткаруу бийлиги менен эрегишпей, эриш-аркак иш алып барды. Өтө татаал маселелер каралган маалда да бардык иштер шыр кетти. Мисалы, 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара көйгөйү өтө оор маселенин бири болчу, аны эч кимибиз тана албайбыз. Буга чейинки тарыхта чек ара боюнча талкуулар жүргөндө парламентте саясий интригалар күч алып, ага сырткы күчтөр аралашып, аягы мамлекетти олку-солку кылган төңкөрүштөргө чейин жеткенине күбө болгонбуз. Далай чыр-чатактар чыгып, адам өмүрлөрү кыйылган Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек ара маселесин Жогорку Кеңеште талкуулоо дагы өтө опурталдуу иштердин бири эле. Ал жерде сөзсүз саясий интрига от алары, ага сырткы күчтөр май тамызары, анан ыркыраган тирештин арты тополоңго чейин жеткире тургандыгы көзгө тартылып жаткан. Ошол маалда түзүлө калган “кемпирабадчылар” деген топ анын айкын мисалы болчу. Арийне, парламенттин жетекчиси катары Нурланбек Тургунбек уулу депутаттардын арасында дыкат иш жүргүзүп, чуру-чуусу, сырткы күчтөрдүн интригасы жок маселени чечкенге чоң салым кошту. Дипломат жетекчи катары тыкыр иштеп, табиятынан тубаса жөндөмү бар экенин далилдеди.
Парламентте интрига күч болсо, чегара чечилмек эмес
Эгер мурдагыдай парламентте интрига күч алганда чек ара чечилбей, саясий тиреш тутанып, чыр-чатактар токтомок эмес. Мына азыр чек ара толук чечилип, учурда зым тартылып бүтүп калды. Чек араны тактоодо алмашууга туш болгон участоктор боюнча эки тараптуу инвентаризация кылуу комиссиясы иш жүргүзүп жатат. Алмашкан участоктордон көчүп чыккандарды жайгаштыруу боюнча Баткен районунда Жаңы Достук айылы түптөлдү. Ал жерге бардык шарттары менен заманбап 181 үй курулуп, жол, суу, бала бакча, электр энергиясы, медициналык тейлөө жагы чечилди. Ар бир кожолуктун мурда жашап жаткан үйлөрүндөгү чарбалык жана башка короо сарайлары эсептелип, 500 миң сомдон 2 млн сомго чейин кенемте төлөнүп берилди. Ар бир үй орточо эсеп менен 3 млн 300 миң сомдон курулду, андан тышкары инфраструктура толук жасалды. Лейлек районунда да заманбап, бардык шарты менен Социалдык жана тейлөө мекемелери бар 76 үй салынды. Жашоочуларына компенсация төлөндү. Ооба, биринчи кезекте Президент Садыр Жапаровдун саясий эркинин, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көшөргөн көкжалдыгынын негизинде чек ара чечилди. Арийне, бул жерде Жогорку Кеңештин, анын жетекчиси Нурланбек Тургунбек уулунун да салымы чоң болгонун тана албайбыз. Айтор, Кыргызстандын чек ара көйгөйүнүн тынчтык жолу менен толук чечилиши – Кыргызстанда эле эмес, жалпы Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздады. Эми коңшулар менен достукта, өз ара сый-урматта жашаганга шарт түзүлдү.
Ошондой эле Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз тилинин кадырын көтөрүүдө опол-тоодой аракеттерди жасап келе жатат. Жогорку Кеңештин төрагасы катары алгач ишин баштаган кезде таамай сөзүн айтып: “Тагдырдын буйругу менен мамлекетке кызмат кылуу озуйпасы жүктөлгөндөн кийин аны ак ниет аткаруу милдетим деп эсептейм. Тилге көрсөткөн камкордугум бул – улутка, мекенге болгон кызматым. Эне тилибизди аздектеп сактоо жана аны жалпы улуттук орток тил катары жайылтуу эл өкүлү жана кыргыз жараны катары башкы парздарымдын бири” деген. Ошол күндөн тарта парламенттеги иш кагаздарды дээрлик мамлекеттик тилге өткөрүп бүттү. Азуусу менен асман челген министрлерди кыргыз тилинде отчет берүүсүн талап кылып келе жатат. Баарыбыз күбө болгонбуз, 2023-жылы министр Динара Кутманованы тык токтотуп, мамлекеттик тилде сүйлөөсүн талап кылган. Ошондон бери аткаминерлердин баары кыргыз тилинде отчетторун берип, сүйлөй баштаганына күбө болуудабыз. “Бөлөк тилди билген уят эмес, кыргыз тилин билбеген уят” деп жалтанбай чыгып Элдик Курултайда эне тилибиздин кадырын көтөргөнү эле эмне деген эрдик. Көпчүлүк аймактарыбыздагы жер-суу аталыштары башка тилде экенин белгилеп, алардын баарынын тарыхый аталыштарын кайтарып келүүнү өтүнгөн. Алардын катыранда Бишкектин төрт району бар экенин да кошумчалап, тез арада кыргызча аташыбыз керек деп чыккан. Мурдагы спикерлер мындай сөз оозунан чыкмак турсун, оюна да келген эмес.
Былтыр жалпы республикалык тестирлөөдөн алтын сертификат алган 54 окуучунун бирөө гана кыргыз тилинде тапшырганына күбө болгонбуз. Албетте, бул мамлекеттик тилге жасалган кыянат мамиленин натыйжасы экенин баарыбыз билебиз. Ошондо дагы Нурланбек Тургунбек уулу чыркырап чыгып, Агартуу министрлиги аталган жагдайды эске алышы керектигин билдирген. Мектептердин жана бала бакчалардын көпчүлүгүндө мамлекеттик тилде таалим-тарбия берилбей жатканын сынга алып: “Ушул жерде олтургандардын көпчүлүгүнүн да балдары, неберелери кыргыз тилин билишпейт. Эмне үчүн ушундай көрүнүш уланып келет? Уялбайлыбы? Иманалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сындуу аталарыбыз азыркыдай кыргыз тилин жээрип, орусча сүйлөп жатканыбызды көрүшсө бизге наалат айтышмак. Эгер биз ушинтип кыргыз тилине кайдыгер карай берсек, жакынкы жылдары эле биз улут болбой калабыз” деп күйбөгөн жери күл болгон.
Биз – тилибиз менен улутпуз
Кылымдарды карыткан кыргыз тилибиз эгемен элибиздин улуу мурасы, мамлекеттүүлүгүбүздүн жана улуттук иденттүүлүгүбүздүн эң башкы эн белгиси. Бул тилде эне сүтүбүз менен чогуу кан-жаныбызга сиңген бешик ырлары ырдалган. Даңкы далайга кеткен, дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосубуз жаралып, акын-жазуучуларыбыздын ааламды суктандырган чыгармалары жазылган. Ток этээрин айтканда, кыргыз тили ата-бабаларыбыздан бизге мурас катары калган көөнөрбөс байлык. Нурланбек Тургунбек уулу муну жүрөгү менен сезип жашайт. Бир жыйында “Бүгүн биз тилибизди сактап калбасак, эртең толугу менен жоготуп алабыз” деп белгилеп, депутаттарды кыргызча сөздөрдү колдонууга чакырганын көргөнбүз. Мисалы, “халал” деген сөздү “адал” деп эле айтууга болорун мисал кылып, “Бүт кыргыздын сөздөрүн арабдаштырып, же орусчалап өзгөртүп жибердик. Адам аттарын койгондо дагы кыргыз ысымдары арабча болуп кетип жатат. Азыркы тапта арабдашкан ысымдарды коюу да адатка айланып кетти. Бирок, бизде “Бакыт”, “Таалай”, “Элмырза”, Улукбек”, “Чолпон”, “Жылдыз”, «Балбак», “Нурбек”, Акылбек” деген жакшынакай ысымдар бар. Ушундай кыргыздын сонун аттарын биз неге арабдаштырып же орусчалап коюшубуз керек? Эгерде биз балдарыбызга нукура кыргызча аттарды койбосок, тилибиз эле эмес, кыргыз ысымдары да жоголуп кетет. Бул чоң коркунучтуу жагдай” деген.
Былтыр мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынарда кыргыз тилин жээрий берсек жакынкы жылдары биз улут болбой каларыбызды да эскертип, “Тил жоголсо улут жоголот, улут жоголсо мамлекет жоголот, андыктан мамлекеттик тилибизге кам көрөлү” деген чакырык таштаган. Ошондо дагы эл өкүлдөрүн муютуп: “Башка улуттар бар, биз көп улуттуубуз деп жүрүп, мамлекеттик тилибиздин азыркы абалын көрүп жатасыңар. Кейиштүү абалда. Биз башкаларга жакшы көрүнөбүз деп популист болуп, убактылуу упай топтойбуз деп жүрүп, мына ушуга келдик. Кыргыз мамлекетинде жашап, иштеп жатабы, кыргыз тилин билсин, кыргыз тилин сүйлөсүн. Бул жерде эч кандай кошоматчылыктын кажети жок. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоорун толугу менен колдошубуз керек” дегенин билебиз. Ошондой эле мамлекеттик кызматтагы жетекчилерден өтүнүп, кыргыз тилин өнүктүрүүнү талап кылганын тынымсыз көрүп жатабыз. Бир жолку жыйында шаарларда гана эмес, алыскы айылдарда да наристелер телефондон орус тилдеги мультфильмдерди көрө берип орусча сүйлөп калып жатканын айтып: “Министрлер Кабинети тез арада бардык балдарга ылайыктуу көрсөтүүлөрдү, мультфильмдерди кыргызчалап, керек болсо башка тилдеги көрсөтүүлөргө чектөө коюшу керек. Бүгүн биз тилибизди сактап калбасак, 5-10 жылдан кийин кыргыз тилин толугу менен жоготуп алабыз. Бул терең көңүл бурууну талап кылган маселе” деген.
Жыл жаңыргандан кийинки Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам долбоорлору биринчи мамлекеттик тилде жазылышы керектигин баса белгилеп: “Бардык мыйзам долбоорлоруна талап бирдей. Ар бир мыйзам долбоору биринчи кезекте мамлекеттик тилде – кыргызча жазылышы керек. Андан кийин расмий тилге которулушу кажет. Ушуну эске алгыла” деп катуу эскертти. Булардын баарында элге, кыргызга болгон чыныгы мекенчилдик жатат. Нурланбек агабыз ушул басыгынан жазбай, мамлекет үчүн иштей беришине тилектешпиз!
Зулпукаар Сапанов