Энелердин өлүм көрсөткүчү өстү

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58

2025-жылдагы саламаттык сактоо тутумунун ишинин жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегияда энелер өлүмүнүн өскөнү айтылды.

Өткөн жыл ичинде (2025-жыл) өлкөдө энелер өлүмүнүн 48 учуру катталган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 35 пайызга (2024-жылы 36 учур же 25,7) көп.

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов бул абал өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгилеп, бир жуманын ичинде абалды жакшыртуу боюнча чаралар топтомун иштеп чыгууну тапшырды.

Анын айтымында, кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө тартибин кайра карап чыгуу, поликлиника менен ооруканалардын ортосундагы байланышты жакшыртуу жана тобокелдик тобундагы энелерге өз убагында жардам көрсөтүү зарыл.

Ошондой эле телемедицина аркылуу дарыгерлердин кеңешин кеңейтүү жана түйүлдүктү эрте текшерүү ыкмаларын киргизүү тапшырмасы берилди.

29-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X