Энергетика министрлигине автотранспорт каражаттары тапшырылды
Бүгүн, 23-январда, Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Маалыматка ылайык, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын объекттерин куруу, реконструкциялоо жана жаңылоо планынын алкагында, ошондой эле “Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча жалпысынан 37 техника алынган. Алардын катарына бригадалык автоунаалар, экскаватор-жүктөгүчтөр жана авто-көтөргүчтөр кирет. Техникалардын жалпы наркы 145,8 млн сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 2025-жылы энергетика жана көмүр тармагына 160тан ашуун атайын автотранспорт каражаты сатып алынган.