"Эркин-Тоо"

ЭРДОГАН ЭКИНЧИ ТУРГА КАЛДЫ

14-майда өткөн Түркиянын 13-президентин шайлоодо бюллетендердин дээрлик бардыгы эсептелип чыккандан кийинки алдын ала маалыматтар боюнча, өлкө башчылыгына талапкерлердин бирөөсү дагы 50 пайыздан көп добуш алган жок.

Эскерте кетсек, Мамлекет башчылыгына 69 жаштагы азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган, 74 жаштагы оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу жана 55 жаштагы “Альянс АТА“ партиясынын блогунан талапкер Синан Оган талапкер болушкан. Оппозициянын дагы бир талапкери, Родина партиясынын төрагасы Мухаррем Инже атаандаштарын таза атаандаштык принциптерин бузду деп айыптап, шайлоодон баш тарткан болчу.

Шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер кечээ Түркия убактысы боюнча саат 15.30да жасаган билдирүүсүндө шайлоонун расмий түрдө экинчи туру өтө тургандыгын жарыялады.

Убактылуу жыйынтыктарга караганда, биринчи турда 49,51 пайыз добуш алган Режеп Тайип Эрдоган менен 44,88 пайыз добуш алган Кемал Кылычдароглу 28-майда экинчи турда кайрадан ат салышат.

Ал арада ушул эле күнү өткөн парламенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АКП) жетектеген Республикалык альянс парламенттеги 600 орундун көпчүлүк мандатына ээ болгонун, андан кийинки орунду Кемал Кылычдароглу лидерлик кылган оппозициядагы “Элдик альянс” Республикалык Элдик партиясы ээлегенин ТРТ Түркиянын шайлоо комиссиясынын маалыматына таянып билдирди.

№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!