Эрдоган Путин менен Зеленскийди үч тараптуу жолугушууга чакырат
Түркия мамлекетинин президенти Тайип Эрдоган Россия менен Украинанын президенттерин үч тараптуу жолугушууга чакырат. Эрдогандын айтымында, тараптар макулдугун беришсе, жолугушуу Түркиянын борбор калаасы Анкарада же Стамбул шаарында өтөт.
«Зеленский менен болгон кездешүүдө ал үч тараптуу жолугушууну колдой тургандыгын айткан. Эгерде Владимир Путин бул сунушту кабыл алса, жолугушууну Стамбул же Анкарада уюштурабыз. Бул маселени алгач телефон аркылуу баарлашып чечүүгө аракет кылам. Тирешүүлөрдү токтотуу керек. Бул жакшы белги эмес», — деди Эрдоган журналисттерге берген маегинде.