Эркин Бакиров Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директору болуп дайындалды
Эркин Бакиров Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директору болуп дайындалды.
Жаңы жетекчини департаменттин жамаатына министрдин орун басары Асылбек Сатыбалдиев тааныштырды.
Эркин Бакиров 1982-жылы 9-мартта Талас облусунун Манас районундагы Манас айылында туулган. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция, каржы жана кредит факультеттерин бүтүргөн.
Ал буга чейин бир катар жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.