Эркинбек Салымбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты: Президенттин туура саясаты менен кыйынчылыктарга туруштук берүүдөбүз

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 130

Күз күрөөдө базарларды каптаган кымбатчылык, инфляция эпкини, өкмөттүн бул “балакеттерди” ооздуктоого болгон аракеттери, Бишкек шаарындагы автотыгын (транспорттук коллапс) баштаган көйгөйлөр тууралуу “Дордой-Моторс” базарынын жетекчиси, шаардык кеңештеги “Эмгек” фракциясынын лидери Эркинбек Салымбеков менен азыноолак баарлаштык.

— Эркинбек Мамытбаевич, күз күрөөдө базарларды каптаган кымбатчылыктын эпкини боюнча оюңуз кандай? Күн сайын эсепсиз куну учкан бааларды, дегеле инфляция деген “балакетти” ооздуктоого болобу? “Бирди экиге кураган” белсемдүү ишкер, күчтүү экономист катары бул жаатта ырааттуу жагдайдагы сунуштарыңыз бардыр…
— Сөзүмдүн башында эле баса белгилеп коё турчу жагдай, “кымбатчылык Кыргызстанды гана каптап жатат” — деген бир беткей ойдон алыс бололучу? Кымбатчылык бүгүн бүтүн дүйнөнү каптап, ааламдык алкакта таасирин тийгизүүдө. Андыктан, кымбатчылык дүйнөнү каптап жаткан соң Кыргызстанды деле кыйгап өткөн жери жок. Учурда инфляцияга, кымбатчылыкка көп нерселер таасир этүүдө. Айрыкча, бир канча өлкөлөр ортосундагы согуштук аракеттердин айынан эң оболу күйүүчү майдын баасына залака келип, анын натыйжасы биздин өлкөбүзгө, өзгөчө экономикабызга дагы терс таасирин тийгизүүдө. Бүгүн Кыргыз өкмөтү чет өлкөдөн келип турган күйүүчү майдын ар литрин мамлекеттик казына аркылуу 30 сомго чейин төлөп (субсидиялап) жатат. Болбосо күйүүчү майдын наркы азыркыдан дагы алда канчага кымбат болмок. Биз бул жерден кыргыз бийлигине алкышыбызды гана айтышыбыз керек. Өкмөттөгүлөр өзгөчө күзгү оруп-жыюу мезгилинде күйүүчү майдын баасын субсидия жолу менен болсо да кармап, алгылыктуу иштерди аркалашты. Мындан тышкары электр энергиясына, дегеле коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдүн кымбатташы да сырттагы кымбатчылыкка өз таасирин берүүдө.

— Демек, бизди гана эмес, дүйнөнү каптаган кымбатчылыкты азырынча ооздукташ мүмкүн эмес деңизчи?
— Ооздуктоо болгондо кандай? Азыр урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич баш болуп, өкмөт жетекчилери төш болуп, Кыргызстандагы кымбатчылыктын тизгинин тартып жатышат. Бүгүн мамлекеттик казынанын бир канча бөлүгү дал ушул кымбатчылыкка каршы субсидияга жумшалууда. Эгерде Кыргыз өкмөтү өлкөбүздөгү күйүүчү майдын баасын субсидиялабай, дүйнөлүк кымбатчылыкка шылтап коё беришсе кандай болот эле? Ушул жагын жөнөкөй гана арифметиканын амалында элестетип көрөлүчү?! Электр энергиясынын өздүк наркын эсепке алдыкпы? Өкмөт бул жагынан да субсидия кылып жатат. Көгүлтүр отту, күйүүчү майды кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүү жолу аркылуу үзгүлтүксүз алып келип, ашыкча кымбаттатпай кармап турушат. Биз бүгүн Президент Садыр Нургожоевичтин туура саясатынын жемиши менен экономикалык жактан көптөгөн кыйынчылыктарга кыйла туруштук берүүдөбүз.

— Бишкек шаарындагы коммуналдык кызматтарга, айрыкча сууга болгон тарифтик төлөмдөрдүн кымбатташы да азыркыдай шартта негиздүү деп айтсак жарашабы анда?
— Бишкек шаарында буга дейре 1 тонна суунун тарифтик планы 10 сомду түзгөн. 1 тонна сууну 1 литрге айландырганда анын өздүк наркы 1 тыйынга турган. Бүгүн 1 литр ичүүчү сууну дүкөндөрдөн канча сомго сатып алабыз? 40-50 сомдон кеми жок баада алабыз. Сууну, колдо турган алтынды барктабай, унааны, эшиктин алдын, короодон өйдө жууп, ашыкча ысырап кылып жатканыбыз жалганбы? Сууну үнөмдөө деген көпчүлүк жарандарыбыздын түшүнө да кирбейт. Борбор калаага келген сууну шаардык суу чарба башкармалыгы тейлейт. Анда иштеген жүздөгөн кызматкерлердин айлыгы боюнча ким ойлонот? Өткөн кылымдарда салынган шаардагы суу түтүктөрү эскириптир. Шаарыбыздагы Асанбай кичи району баштаган аймактарыбызда 4 миң чакырымга жакын суу түтүктөрү эскирип, азыр Кудайдын барманы менен гана сакталып турат. Учурда мындай катмардагы суу түтүктөрү убактысынча алмаштырылууда. Бардыгын бир беткей жаңылаганга каражат жетпегендиктен, Бишкек шаардык кеңеши ичүүчү сууга болгон тарифтик бааны ушул жазда көтөрдүк. Кызыктуу жагдай, ошол эле ичүүчү сууга болгон тарифтик төлөмдүн баасы боюнча Бишкек шаары Ош, Каракол шаарларынан арзан болуп келген. Ал эми таштанды чыгаруу боюнча Бишкек шаарындагы тарифтик баалар пенсионерлерге келгенде 14 миллион сомго чейин субсидияланат. Тагыраагы, калаадагы кары-картаңдар үчүн казынадан акча каражат каралып, алардын тарифтик төлөмдөрүнө жеңилдик берилет.

— Шаардагы автотыгын боюнча ойлонуштуруп же кандайдыр бир сунуштарды берип жатасыздарбы? Бул көйгөй сиздердин деле кыйла “нервиңиздерди алып” жатса керек…
— Бишкек шаарынын мэриясы бул көйгөйгө колунан келишинче аракет кылып жатат. Кошумча майда-чоң жолдорду ачып, айрым жолдорду узартып, дагы бирлерин кеңейтип, айтор, алакан жайып отуруп калышкан жери жок. Аныгында административдик аймактык реформанын алкагында борбор шаарыбыз 2 жылдан бери 2 эсеге чейин чоңойду. Калктын саны күн сайын көбөйүүдө. Ички миграция апогейине жетип турат. Шаардыктардын ар бир үйүндө куру дегенде 2ден автоунаа пайда болду. Борбор шаар деген бул – мегаполис. Калкынын саны миллиондон ашкан калаалар мегаполис деп эсептелине баштайт. Автотыгын, транспорттук коллапс жеке эле Бишкектин эмес, дүйнөдөгү ири шаарлардын көйгөйү. Бул көйгөйдү чечүү боюнча Бишкек шаарынын жетекчилиги бир канча идея, берилген сунуштардын айланасында ойлонуштурууда. Ошол эле трамвайлык линиянын эсеп-кысабын жүргүзүп жатышат.

— Ара-тородо көтөрүлө калып жаткан метро куруу боюнча сунуштар негиздүүбү?
— Метро салууга чоң каражат керек. Азырынча аны курууга каражатыбыз, чама-чаркыбыз чектелүү. Бул маселени өлкө жетекчилиги ойлонуштуруп, чечишсе керек. Бул мамлекеттик мааниде чечиле турган маселе…

Калыгул Бейшекеев

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 130
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X