Эртең кыргыз-кытай чек арасы жабык болот

4-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 35

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” менен “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 5-апрелде транспорт каражаттар үчүн жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин фестивалын майрамдоого байланыштуу жабылат.

“Торугарт” менен “Эркечтам” көзөмөл-өркөрүү бекеттери 6-апрелден баштап чек ара аркылуу товарларды жана жүктөрдү өткөрүүнү гана караган алгоритм боюнча ишин жандантат.

4-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X