Эртең Бишкектин кээ бир жерлеринде суу өчөт

23-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 48
Бишкектин кээ бир аймагында эртең, 24-мартта суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 09:00дөн 16:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов жана темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу токтойт. Ошондой эле, Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок конуштарында дагы суу өчүрүлөт. Себеби, эртең «Контррезервуары» суу кампасы менен суу түтүктөрү оңдолот.
Мэрия мындай ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын суу камдап алууга чакырат.
23-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X