Эсептегичти айланып өтүп, акча алып турушкан: Чүй электр тармактарынын эки кызматкери кармалды

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 110

УКМК «КУЭТ» ААКнын Чүй электр тармактары ишканасындагы коррупциялык схеманы аныктады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ишкананын кызматкерлери бир жыл бою электр энергиясын эсептегичти айланып өтүп пайдаланган абоненттен системалуу түрдө акча алып турушкан.

Бул факты боюнча 2026-жылдын 22-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй электр тармактары ишканасынын башчысынын орун басары С.Ж.Ж. жана инспектору С.А.С. кармалды.

УКМКнын маалыматы боюнча, электр тармагына мыйзамсыз кошулуу, электр энергиясын эсептөөчү приборлорду айланып өтүү жана уруксат берүүчү документтерсиз электр энергиясын пайдалануу фактылары аныкталган. Мындан мамлекетке зыян келтирилгени белгиленди.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү — пара алуу беренеси боюнча козголгон.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X