Эски айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылгандан кийин жараксыз деп табылат

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67

Жакынкы убактарда Кыргызстанда эски үлгүдөгү паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр толук алмаштырылгандан кийин, алар автоматтык түрдө жараксыз деп табылып, күчүн жоготот. Бул чара жасалма документтерди колдонуу фактыларын жоюуга багытталган.

Маалыматка ылайык, мурдагы жылдары Кыргызстандын эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрү жана ID-паспорттору мыйзамсыз жолдор менен жасалып, чет өлкөлөрдө колдонулуп келген учурлар катталган.

Учурда берилген жаңы үлгүдөгү документтер заманбап технологиялар менен даярдалып, коргоо деңгээли кыйла жогорулаган. Аларды мурдагыдай мыйзамсыз жол менен жасоого же сатып алууга мүмкүн болбойт.

Буга байланыштуу жарандарга айдоочулук күбөлүктөрүн жана ID-паспортторун белгиленген тартипте жаңы үлгүсүнө өз убагында алмаштыруу сунушталууда.

20-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X