Этникалык кыргыздардын укуктук статусун жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында турган этникалык кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов канча этникалык кыргыз тиешелүү документ алганына кызыкты.
Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 2021-жылы 577 этникалык кыргыз “кайрылман” статусун алганын белгилеп: “Андан тышкары 8 чет өлкөлүк жаранга “качкын” макамы ыйгарылган” – деди.
Ал эми мыйзамдын маалымкат негиздемесинде белгиленгендей, жалпысынан Кыргызстанда 65 миңден ашуун этникалык кыргыздар бар. Алардын 55 миңден ашууну жарандык алса, “кайрылман” статусу 15 миңдей жаранга берилген.
Ошондой эле депутат Аида Исатбек кызы жарандык берүүдөгү талаптар тууралуу сурады.
Министрлер Кабинетинин өкүлү этникалык кыргыздарга жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык берилээрин маалымдады.
“Башка чет элдик жарандарга тиешелүү талаптар коюлган. Алсак, алар 5 жылдан кем эмес, визалык режимде, мыйзам чегинде жашашы керек. Ал эми этникалык кыргыздарга андай талап жок”, – деди.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.