Эттин баасын кымбаттаткандарга айып пул салынды
Кечээ, 20-январда, Бишкектин Ленин райондук муниципалдык администрациясынын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Ош базар» жана «Дордой Моторс» базарларында рейд уюштурулду. Текшерүүдө эттин (сөөктүү уй эти жана кой эти) баасын кымбаттаткан соодагерлер аныкталды. Аларга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 290-беренесинин 1- бөлүгүнө ылайык чаралар көрүлүп, 3000 сом өлчөмүндө айып салынды.