Февралдын алгачкы күндөрүндө кар жаап, суук болот
Январдын соңку күнүндө жана февралдын алгачкы күндөрүндө кар жаап, суук болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Мындай аба-ырайы бир жумадай кармалат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, + белгиси менен температура бүгүн жана эртең сакталат. Ал эми 29-январда мамычалардын көрсөткүчү 0 градуска чейин төмөндөйт.