Франция: «Пари Сен-Жермен» чемпион

9-июнь, 2021-ж. / Редакция / Спорт 27

Францияда айымдар футболунан быйыл жаңы чемпион жаралды. Буга чейин 14 жылдан бери катары менен чемпиондук наамды бербей келген «Лион» быйыл «ПСЖ» клубуна жол бошотту. «Пари Сен-Жермен» айымдар клубу 1991-жылы түзүлгөн. 2001-жылдан бери жогорку дивизиондо ойноп келет. Быйыл өз тарыхында биринчи жолу чемпиондук наамды жеңип алды.

9-июнь, 2021-ж. / Редакция / Спорт 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X