ФСИН эмгек мигранттарын абактагы россиялыктар менен алмаштырууну сунуштады

Россиянын Федералдык жаза аткартуу кызматынын (ФСИН) директору Александр Калашников борбор азиялык эмгек мигранттарын абактарда отурган россиялык жарандар менен алмаштырууну сунуштады. Анын айтымында, учурда россиялык түрмөлөрдө 483 миң адам жаза мөөнөттөрүн өтөшүүдө. Алардын 188 миңи жаза мөөнөтүн мажбурлап иштетүү менен алмаштыруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X