Футбол: Азия кубогуна тандап алуу оюндары Кыргызстанда да өтөт

10-май, 2022-ж. / Редакция / Спорт 41

Футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары Кыргызстанда, андан сырткары, беш өлкөдө өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Беттештер Индия, Кувейт, Малайзия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстанда болмокчу. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Кыргызстанда өткөрүлмөкчү.

Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

F тайпасындагы оюндар:
8-июнь:
• Кыргызстан — Сингапур;
• Тажикстан — Мьянма.
11-июнь:
• Сингапур — Тажикстан;
• Мьянма — Кыргызстан.
14-июнь:
• Кыргызстан — Тажикстан;
• Мьянма — Сингапур.

10-май, 2022-ж. / Редакция / Спорт 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X