Футбол: Азия кубогунун тандоо турунда Кыргызстандын тайпасы жеңишке ээ болду

27-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 60

Кыргызстандын U-17 курама командасы Азия кубогунун тандоо турунда Гуамдын командасын 9:0 эсебинде жеңди.

Бул Кыргызстан командасы үчүн тандоо турундагы алгачкы жеңиш болду. Буга чейин команда Йеменге 0:2, Пакистанга 1:3 эсебинде утулуп, финалдык этапка чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон.

Гуамга каршы өткөн беттешке команданы Анарбек Ормомбеков даярдады.

27-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 60
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X