“Гүлкайыр” баягыдай эле гүлдөп турат

11-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 40

Ата-эне баласын оорчулуктан коргоп, “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” бардык кыйынчылыктын алдын алгысы келет. Зейнеп эженин атасы кызынын соода техникумуна окууга өткөнүн угуп катуу кейийт. Өзү партияга мүчө, сооданы аябай жаман көрчү экен, балдарына “соодага жолобогула” деп айтчу тура. Бирок ошого карабастан Зейнеп эжени турмуш өзү ары калчап, бери калчап соодага алып келип салат. Атага жакпаган ишти кесип кылып, Зейнеп эже “Кыргыз Республикасынын тейлөө кызматынын эмгек сиңирген кызматкери” ардактуу наамына татыды. Талас шаарындагы “Гүлкайыр” ЖЧКнын директору Казбакова Зейнеп эже бүгүнкү күнү да кесибин таштабай соода тармагында эмгектенип келет.

Диктор болом деп…

Зейнеп эже 1949-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында төрөлгөн. Мектепти жалаң “5” деген баалар менен бүтүп, юрист болууну самайт. Бирок ал кезде бул адистикке 2 жыл эмгек стажы талап кылынгандыктан ага кире албай, бирөөлөрдүн сунушу менен документтерин университеттин филология факультетине тапшырат. Экзамендерден өтүп келип, бирок конкурс чоң болгондуктан “кулап” калат. Бир тууган таякеси “Чүй проспектинде дикторлорду даярдаган жаңы окуу жайы ачылыптыр, конкурс менен мектепти жакшы бүткөндөрдү алат” экен деп ээрчитип барат. Окуу жайы метеорологиялык адистерди жана радиооператорлорду даярдайт экен. Айылдан келген кыз радиооператор десе “ии диктор болот экем” деп окууга кирип алат. Бир жарым жыл окуп, орус тилинен кыйналса да тырышчаактыгы менен ал окуу жайын да мыкты баалар менен аяктайт. Окуу жайы борбордук окуу жайга (Россияга) жолдомо берет. Бирок ата-энеси каршы болуп, алыс жакка барып окууга уруксат бербейт.

Өзү менен бирге окуган курбусу радиооператор болуп бийик тоолуу Чаткал районуна кеткен эле. Курбусу “бул жакта эч ким жок, сабакка даярданып отура бересиң, кел” деп чакырганынан Чаткалга барып 1 жылдай иштейт. Ошол 1968-жылы Чаткалда кар 1 метр 40 сантиметрге чейин аябай калың түшөт. Ал жакка каттаган эки ашуу тең июнь айынын аяк ченине чейин ачылбайт. Жумушту тапшырып, Фрунзеге келгиче июль аяктап кетип жогорку окуу жайга документин тапшырууга жетишпей калат. Маанайы түшүп, бактын түбүндө туруп жерде жаткан гезиттин кыркындысын көрөт. Анда Советтик соода техникуму кабыл алууну жарыялаган кулактандыруу бар экен. Түз эле ошол жакка жөнөйт. 28-июлда документин тапшырып, 1-августта эч даярданбай туруп эле экзаменге кирет. Эки экзаменден тең жакшы баа алып, “өнөр жай товарларынын товароведи” адистигине кабыл алынат.

Айылга барып окууга өттүм десе атасы катуу кейийт. “Соодага жолобогула, бирөөнүн 1 тыйынын кемитип койсоңор тышка чыгып аябай тилдеп кетет. Соодада “растрата” болсоңор (эсеби чыкпай калса) кесилип кетесиңер” деп какшап айтып жүрсө деле болбой соода окуу жайына кирип алганыма жарыктык атам катуу кейиди, — деп эскерет Зейнеп эже.

“Гүлкайыр” – дүкөнчүлөр бригадасы

Техникумда окуп жүрүп таластык жигит менен таанышып, аны менен 1 жылдай сүйлөшүп жүрүп турмушка чыгат. Окуусун жакшы бүтүп, Талас шаардык соода мекемесине жолдомо менен келет. Дароо эле товаровед болуш кайдан. Бир жылдай майда дүкөндөрдө иштеп жүрүп декретке чыгып кетет. Декреттен кийин универмагга ишке чакырылат. Ал кезде ири дүкөндөр бригадалык ыкма менен иштечү. Аябай коркуп, “растрата” жокпу деп такып сурап жатып араң барат. Таласта дүкөндө иштеген кызына Жети-Өгүздүн Барскоон айылындагы атасы баягыдай эле санааркап, гезит колуна тийсе эле кызын ойлоп “кокус “растрата” болуп калган жокпу” деген ой башынан кетпей, тезирээк көз жүгүртүп чыкканга шашылат. Ал кезде гезиттин маалыматтык таасири жана ага элдин ишеними ушунчалык жогору эле.

Жаратылышынан кандай иш болбосун көңүл коюп иштегенге көнгөн мээнеткечтиги, жоопкерчиликтүү мүнөзү өзүн да, ал үчүн алыста санааркап жүргөн атасын да уят кылган жок. “Мунун эмне кереги бар эле” дебей кандай иш болбосун арыдан-бери жасап жиберүүгө дилгирлиги менен жетекчилердин көзүнө илинди. 1981-жылы ал иштеген эски дүкөндүн кампасын кошуп кеңейтебиз, комсомолдук бригада түз деген тапшырма алат. Дүкөндүн “Гүлкайыр” аталышы парткомиссияда бекитилип, жалаң гүлкайырдай жадыраган дүкөнчү кыздардын бригадасы түзүлөт. Дүкөн чарба дүкөнү болмокчу. Бирок Зейнеп эже соода мекемесинин жетекчиси Аскар Багировго кожгалантерея дүкөнү кылууну сунуш кылат. Себеби, чарба дүкөнү ал тегеректе бар болчу. Экинчиден, кожгалантереяга бардык товарлар – майда-чүйдө товарлардан баштап текстиль, булгаары, темир, желим буюм-тайымдары баары кирет. Жетекчи сунушка макул болуп, бирок “2 айда план бербесең чарба дүкөнү кылабыз” деген шарт коёт.

Демилге жана жоопкерчилик

План ашыгы менен аткарылып, кожгалантерея дүкөнү болот. Бригадада техникумду жаңы бүтүп келген 8 кыз иштейт. Илбериңки жана ачык мүнөзү бар Зейнеп эже жетектеген бригаданын кыздары бат эле эл оозуна алына баштайт. Сатуучулар таңкыс товарларды “катып” койбой, кардарларга маданияттуу мамиле жасап, элдин ишенимине татыйт. Бригада башчысы Зейнеп эже демилгелүү жана жоопкерчиликтүү мамилеси менен башкалардан айырмаланып турчу. Ал кезде иш ырааты мыкты жолго коюлган. Дүкөндө эл суроо-талабын жазып калтырган дептер болор эле. Мына ушул дептерде жазылгандарды тизмектеп алып, борборго чапкылап өзү жөнөйт. Шаардык соода мекемеси товарды качан заказ кылып, качан алып келет, анан дүкөнгө жеткирет деп күтүп отурбайт. Тапшырык берип келгенден кийин 2-3 күндө 5-6 контейнерди салып алып автопоезд товарды дүкөнгө жеткирет. Келген товарды бригададагы кыздары менен тактап-чоттоп түшүрүп алып, тез сатыкка чыгарат. Албетте, мындай иш бирөөгө жакса, бирөөгө жакпайт. Анан калса өзүнүн оюндагысын түз айтып, далай “тилинин азабын” тарткан жайы да бар эле. “Казбакова товарды ташып келгенге ашыкча чыгым кылып жатат, Маймак станциясынан бул жакка ташып келгенге 13 сом 50 тыйын кетет, а Казбакова борбордон 20 сом 50 тыйындан алып келип жатат” деп жеткиришип, жетекчиликке чакырылат. Маймактан алып келгенге ошончо чыгым болот, а ал жакка жеткенге, жүктөп келип шаардык соода мекемесинин кампасына түшүрүп, анан кайра дүкөндөр боюнча таратуу жана 2 жүктөп-түшүрүүчү жумушчунун эмгегин кошкондо айырма деле болбой калат. Зейнеп эже шаардык соода мекемесинин жетекчисине ушуларды ынанымдуу айтып, жагдайды түшүндүрөт.

Анын жигердүү иш-аракетин жетекчилер колдоду. Бригадасындагы 20-22 жаштагы кыздардын комсомолдук лидери болуп, ынтымак жана биримдикте жаштык жигер менен иштешет. Мээнет кайтып, бригадасы менен комсомолдун борбордук комитетинин ардак тактасына сүрөттөрү илинип, ысымдары ардак китепке жазылат. Ошентип ак эмгек менен ал кездеги №11 универмагдын “Гүлкайыр” комсомолдук жаштар бригадасынын ажары ачылып, эл ичинде “сулуу магазин” атка конушат.

Бригада жетекчиси Зейнеп Казбакова “Советтик сооданын мыктысы” төш белгиси менен сыйланат. Бул чынында соода чөйрөсүндөгү мартабалуу сыйлык эле. Андан кийин “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалына татыктуу болот. Эки жолу шаардык кеңешке депутат болуп шайланып, коммунисттик партияга мүчөлүккө кабыл алынган.

Эки жыл мурда “Талас шаарынын ардактуу атуулу” наамын жана бир нече жолу “Жылдын мыкты адамы” диплому менен сыйланган. Былтыр жыл соңунда “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин “Эгемендиктин каарманы” төш белгиси ыйгарылды.

Кагыраган текчелер, аңгыраган имарат

Зейнеп эже аңгемесин андан ары мындайча улады: Аңгыча Союз тарап, чакчелекей заман башталды. Эч жакта эч кандай товар жок калды. Баягы кампалар жабылды. Кампалар жабылганда шаардык соода кеңсеси жабылды. “Чынжыр кайсы жерде ичке болсо ошол жерден үзүлөт” болуп менчиктештирүү соодадан башталды. Бизди “магазинди алгыла, болбосо башка бирөө алат” деп кыйнай баштады. Мындай заман болорун кайдан билдик. Алгым келбей, ушул килейген дүкөндү алып анан эмне кылам деп аябай кыйналдым. Жаш директорубуз бар эле “эже алыңыз, сиз билбей жатасыз, эмне деген заман келе жатканын” деп мени үгүттөй баштады. “Сиз депутатсыз, чоң сыйлыктарыңыз бар, анын баары жакында эч нерсеге татыбай калат”, — деди. Эптеп карыз алып чогултуп дүкөндү алдым. Бригададагы 8 сатуучу кыз туш-тушка тарады. 2 кыз менен калдым. Колубузга кагыраган текчелер менен аңгыраган бош имарат тийди. Эл керектөөчү товарлардын таңкыстыгы башталды.

1 жумада 3 жолу чаар сумканы көтөрүп алып товарга барам. Ушинтип 3 жылдай жолдо жашагандай эле болдум. Баягы кампалар жок, “Дордойго” барабыз. Анан кытай товарлары келе баштады. Сумкаларын алсам, дүкөнгө жеткичекти эле сыдырмасы сынат. Брак товарларды алып алам. Кайра барсаң ордунан таппайсың. Анткени, алар ар жерде машинада эле сатчу да. “Дордойдогу” ишкерлер элге эмне керек болсо, эмне өтүмдүү болсо ошол товарларды алып келе башташты. Мурдатан соодада иштегендер бул ишке батыраак кирип кетишти. Ошол мурдагы тааныштык, ишеним менен товарларды сатып, анан акчасын берип, акырындан оңоло баштадык. Дүкөнгө кайра-кайра текшерүү келет, салык төлөмөй көбөйдү. Ага жараша товардын баасы көтөрүлөт. Ошол мезгилде магазинде товар кымбат деп, эл базарга чыга баштады. Башында 3-4 жыл абдан жүдөдүк, кийин Өкмөт мораторий жарыялап, текшерүү токтоду. Бул ишкерчиликтин өнүгүшүнө аябай эле жакшы колдоо болду. Бир аз бутубузга тура баштадык. Кичине тыйын артса эле дүкөнгө жамайм. Канча иштесем ошончодон бери эле оңдоп келатам. Бир учурда 2 кредит алып иштеген учурлар болду. Дүкөндүн чатырын, ичин жаңырттым. Магазинди бир аз кеңейттик, акырындан кошумча кичинекей имараттарды курдук.

Эмгек бааланат

Азыркы учурда “Гүлкайыр” дүкөнүндө жалпы 10 адам иштейт. Дүкөнү бар десе эле толгон дүнүйөсү бар дегендик эмес. Дүкөндө киреше гана кирип турат десек жаңылган болобуз. Өтпөй калган товарлар, өз баасына же өз баасынан төмөн саткан учурлар көп болот. Азыркыдай ”жапайы” конкуренциянын шартында бизге абдан эле кыйын. Ошол эле менин товарымды базарда кичине арзан кылып сатышат. Мен андан арзан сата албайм. Себеби, мен сатуучуларга жана башка кызматкерлерге айлык акысынан тышкары социалдык чегерүүлөрдү, салык төлөшүм керек. Кандай болгон күндө да ак иштөө биздин максатыбыз. Мен кыздарга дайыма “товардын ичин көрсөтүп, материалдын курамын айтып, түшүндүрүп саткыла, эгер брак болсо айтып, арзандатып бергиле, эч убакта алдап сатпагыла” — деп айтам.

Элге кызмат көрсөтүп, мурдагы жакшы атыбызга шек келтирбей иштегенге аракет кылып келебиз. Дүкөнгө эл кирип, ыраазы болуп кетсе биз үчүн чоң кубаныч. “Гүлкайыр” мурдагыдай эле гүлдөп турат” дегенди угуп калганда жетине албай калабыз. Эмгегибиз менен элге көрүнүп, Кудайдын буйругу менен 2005-жылы эмгек сиңирген кызматкер наамын алдым.

 Зейнеп эже өмүрлүк жубайы менен бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп, азыр неберелерин эркелетип өмүр кечирген бактылуу үй-бүлө. Эже 70тен ашып калса да баягыдай эле товарларды өзү тандап алып келип шайдоот. Эженин өмүрлүк жубайы Кулназаров Сыргабек агабыз инженер-механик, ал дагы көп жыл транспорт тармагында эмгектенип, “Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер” наамын алган. Өлкөбүздө жубайлардын экөөсү тең эмгек сиңирген кызматкер наамын алган фактысы жок же чанда кезикчү көрүнүш. Бул албетте, алардын ак ниет эмгегинин үзүрү.

 Бегим ТУРДАЛИЕВА

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X