17-июнь күнү Баткен шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата спорттун бир канча түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулду. Эркектер жана кыз-келиндер арасында волейбол, аркан тартыш, гиря көтөрүү, таяк тартыш өңдүү бир катар оюндарда ийгилик жараткан спорт ышкыбоздорунун жеңүүчүлөрү менен кызыктуу оюн көрсөткөн оюнчулар Ардак грамотадан тышкары акчалай сыйлыктарга татышты. Эркектер арасында гиря көтөрүү боюнча мелдеште Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев биринчиликти камсыз кылып, баш байгеге ээ болду. Бул мелдешке генерал-майор Абдикарим Алимбаев өзүнүн аппаратын мыкты таптап келген экен, кызматкерлери кыйла кызыкты көрсөтүшүп, көпчүлүк байгелерди бөктөрүнүп кетишти.