Генерал-лейтенант Токон МАМЫТОВ: “Душмандарды коркутуп турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59

— Жакында Президент Садыр Жапаров ӨКМ жана УКМКнын Чек ара кызматына  атайын техникаларды тапшырды. Сиз бул саамалыкты кандай кабыл алдыңыз?

Генерал-лейтенант Токон МАМЫТОВ

“Душмандарды коркутуп турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”

— Биринчи этапта КАМАЗ, “Тигр” сыяктуу аскер техникаларын алганыбыз жакшы. Кийин 2-3-этаптарда “Солнцепек” (ТОС-1), “Смерч”, “С–300”, “Искандер” системаларын алыш керек. “С-400”, “С–500” системалары өтө чоң каражатты талап кылат. Алгач Россиядан жана башка мамлекеттерден кимдер макул болсо ПЗРК (Портативный зенитно — ракетный комплекс) “Игла”, “Верба”, РПГ( Ручной противотанковый гранатомет) – “Клюква”, “Арбалет”, “Балкан” сыяктууларды жана согуш чалгын дрондордон 120сын (БПЛА — Безпилотные летательные аппараты) же ушундай куралдарды башка өлкөлөрдөн алып койсок жаман болбойт. Европа, Кавказ жана Азия (алардын ичинде бизге кошуна республикалар дагы) өлкөлөрү ушул багытта тиешелүү чараларды көрүшүүдө. Жогорудагы системаларга өзгөчө көңүл буруп жатканымдын себеби, Кыргызстандын Аскер доктринасында жана Концепцияда (улуттук коопсуздук) “Биз биринчилерден болуп кол салбайбыз. Бирок, бизге согуш ачкандарга татыктуу жооп беребиз” деп так көрсөтүлгөн. “Смерч”, “Солнцепек”, “С–300”, “Искандер” комплекстерин, ПЗРК, РПГ жана БПЛАлар кыргызга кол салып, жерин тебелейм деген душмандарды эсине келтирип, тилектерин таш каптырат. Кыргыз элинин, мамлекетинин дагы миң жылдары тынч жашоосун кааласак, жок дегенде жогорудагылардын 20-30 пайызын алууга умтулушубуз керек. Албетте биздин тышкы саясатыбыз талаш-тартыш маселелерди сүйлөшүү, саясий дипломатияга, диалогго негизделип, кыргыз элинин жана мамлекетинин кызыкчылыгын сактоого багытталып аткарылыш керек. Ички саясатта социалдык-экономикалык маселелерди чечип, элдин жашоо-турмушун тез арада жакшыртуу зарыл. Кыргызстандын тышкы душмандарын согуш ачпай туруп, аларды коркутуп — үркүтүп турууга бизге мүмкүнчүлүк түзүлөт. “Тынчтыкты кааласаң — согушка даярдан”,  деген сөз бүгүнкү күндө өз актуалдуулугун жогото элек. Башка өлкөнүн армиясын баккандан көрө кыргыз армиясын модернизациялап, тиешелүү деңгээлде каржылап, даярдап, багып алуу өтө зарыл. Өз учурунда атайын комиссиялар, жумушчу топтор түзүлүп, бир топ жакшы сунуштарды даярдашкан. Бирок, маселе каражатка такалып иш жүзүнө ашпай калган. Азыр бул мезгилдин талабы. Өкмөттүн отчеттору жана пландары буга шарт түзүп жол берет. Президент Садыр Жапаров да аскер техникаларын тапшыруу аземинде бул максатты жана милдетти так белгиледи.

№31 «Эркин-Тоо» гезити
2021-жылдын 1-апрели
Жазгүл Карбосова

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X