Генерал-полковник Абдыгул ЧОТБАЕВ “Отуз жылда мындай кадамды эч ким баштаган эмес”

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63

Жакында Президент Садыр Жапаров ӨКМ жана УКМКнын Чек ара кызматына  атайын техникаларды тапшырды. Сиз бул саамалыкты кандай кабыл алдыңыз?

 

Генерал-полковник Абдыгул ЧОТБАЕВ

“Отуз жылда мындай кадамды эч ким баштаган эмес”

— Бүгүн өзгөчө Баткен тарапта чек ара маселеси курч болуп, кошунабыз улам-улам ок чыгарып, кол салып жатат. Президенттин бул кадамы абдан туура болду. Бизге жаман ойлоп кол сала турган коңшулар да ойлонуп калышсын. Мен билгенден эгемен өлкөдө 30 жылда мындай кадамды эч ким баштаган эмес. Өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7,5 млрд сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн азырынча 3 млрд сомго жакын каражат бөлүнүптүр. Былтыр дагы Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте инженердик 85 техника сатылып алынган эле. Президенттин мындай иштери бизге, өзгөчө аскер кызматкерлерине абдан жагып жатат. Кээ бирөөлөр “биз коңшу өлкөгө каршыбызбы? Аларга кол салабызбы?” деп ойлоп жатса керек. Жок! Андай эмес! Президенттин бул чечими өз өлкөбүздү, эгемендүүлүгүбүздү коргоо үчүн жасаган аракети. Кыргызстандын башка өлкөлөргө кол салууга эч кандай шылтоосу жок. Буга чейин 5-6дан эски, мурда колдонулган аскердик техникалар сатылып алынчу. Башка өлкөлөрдөн жардам иретинде 2-3төн техника келчү. Минтип көп санда жана жаңы аскердик техникаларды өзүбүздүн бюджетибиздеги каражатыбызга сатып алып жатканыбыз кубанычтуу ийгилик.

№31 «Эркин-Тоо» гезити
2021-жылдын 1-апрели
Жазгүл Карбосова

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X