Гимндин сунушталган үч варианты каралды
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик гимндин тексти жана музыкасынын сунушталган үч варианты каралды.
Парламенттен билдиришкендей, жыйынга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган гимндин жаңы редакциясын тандоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү катышты.
Талкуу учурунда комитет төрагасы Курманкул Зулушев сунушталган варианттар мазмуну жана музыкалык деңгээли боюнча учурдагы гимнден жогору эмес экенин белгиледи. Депутат Нурланбек Азыгалиев гимн элдин духун көтөрүп, жалпы улуттук баалуулуктарды чагылдырышы керектигин айтып, сынакты улантууну сунуштады.
Жыйынтыгында комитет гимндин тексти жана музыкасынын сунушталган үч вариантын тең четке кагууну Жогорку Кеңешке сунуш кылды.