Грузиянын маалымат агенттиги Садыр Жапаровдун беш жылдык башкаруусун баалады
Грузиянын INTERPRESSNEWS маалымат агенттиги Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришкенине беш жыл толгонуна байланыштуу, Кыргызстандагы 2020–2026-жылдар аралыгындагы саясий жана социалдык-экономикалык процесстер тууралуу аналитикалык макала жарыялады.
Материалда 2020-жылдагы өлкөдөгү кырдаал өзүнчө бөлүп көрсөтүлөт. Ал мезгилде парламенттик шайлоодон кийинки саясий туруксуздук, COVID-19 пандемиясы жана экономикалык алсыроо байкалган. Агенттиктин маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү 598,3 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш көрсөткүчү 9 пайызга жакын төмөндөгөн. Инвестициялар жана курулуш тармагындагы активдүүлүк да кескин кыскарган.
INTERPRESSNEWS андан кийинки мезгилге — 2021–2025-жылдарга токтолуп, мамлекеттик башкаруу системасында борборлоштуруу күчөгөнүн, инфраструктуралык долбоорлорго басым жасалганын белгилейт. Макалада расмий статистикалык маалыматтарга таянып, 2025-жылга карата ички дүң продукциясынын көлөмү дээрлик 2 трлн сомго жеткени, айрым жылдары экономикалык өсүш эки орундуу көрсөткүчтө болгондугу айтылат.
Ошондой эле агенттик курулуш тармагын экономикалык активдүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири катары көрсөтөт. Маалыматта 2020-жылдагы төмөндөөлөрдөн кийин 2023–2025-жылдары турак жай, жол, социалдык жана энергетикалык объекттердин курулушу жанданганы белгиленет.
Материалда Кыргызстандын финансылык туруктуулугуна да өзүнчө көңүл бурулат. Тактап айтканда, эл аралык резервдердин көлөмү 2020-жылдагы болжол менен 3 млрд АКШ долларынан 2025-жылдын аягына карата 7–8 млрд долларга чейин өскөнү, анын ичинде алтындын үлүшү көбөйгөнү айтылат.
Мындан тышкары, макалада 2023–2025-жылдары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара маселелеринин чечилиши региондогу туруктуулукка таасир эткен фактор катары көрсөтүлөт. Бул жагдай инвестициялык жана соода мамилелерге оң таасирин тийгизген чечим катары бааланган.
Агенттик материалдын жыйынтыгында 2020-жылдагы кризистик абал менен 2025–2026-жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрдү салыштырып, өлкөдө башкаруу жана экономикалык системанын туруктуулугу артканын белгилейт. Ошол эле учурда, жетишилген көрсөткүчтөрдү сактоо жана өнүктүрүү үчүн институционалдык реформалардын маанилүүлүгү айтылат.
Белгилей кетсек, INTERPRESSNEWS — Грузиядагы ири маалымат агенттиктеринин бири. Агенттик коомдук жана эл аралык темаларда ыкчам кабарларды жана аналитикалык материалдарды грузин жана чет тилдеринде жарыялап келет.