Гуанчжоу — Бишкек түз аба каттамы ачылат
Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу менен China Southern Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрү жолугушуп, жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушууда Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу багыты боюнча түз туруктуу каттамды ишке киргизүү жана Бишкек — Гуанчжоу — Санья (Хайнань провинциясы) багыты боюнча каттам ачуу маселелери каралды.
Кытай тараптын маалыматына ылайык, Гуанчжоу — Бишкек каттамы 2026-жылдын 29-мартында башталат. Учактар жумасына эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү учаары күтүлүүдө.
Авиабилеттерди сатуу 11-февралдан тартып башталган.