"Эркин-Тоо"

Халифат түзүүнү каалашкан

Экстремисттик идеологияны жайылтууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

10-февралда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы «YouTube» платформасынан шектүү аккаунтту аныктаган. Анда тыюу салынган «Йакын-Инкар» уюмунун мүчөлөрү — кыргызстандык жарандар халифат курууну сунуштаган. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен каттоого алынып, Чүй ОИИББдин, Москва РИИБдин жана УКМКнын Чүй обулусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1983-жылы туулган К.Б., 1971-жылы туулган К.Б., 1978-жылы туулган С.К. жана 1983-жылы туулган Р.А. кармалган. Тинтүү учурунда алардынжанынан далил материалдар алынып, 12-февралда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө уланууда.

Пример HTML-страницы