Хоккей: Айымдар Канадага чогулушат

7-июнь, 2021-ж. / Редакция / Спорт 26

Шайба менен ойнолчу хоккейден айымдар командаларынын ортосундагы дүйнөлүк биринчилик  быйыл Канаданын Калгари шаарында 21-30-август күндөрү өтөт. Биринчилик былтыр май айында өтмөк, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкы жылга жылдырылган. Дүйнөлүк биринчиликке 10 өлкөнүн курама командалары катышат. Европадан: Венгрия, Германия, Дания, Россия, Финляндия, Чехия, Швейцария. Түндүк Америкадан: Канада менен АКШ. Азиядан жалгыз Япония катышат.

7-июнь, 2021-ж. / Редакция / Спорт 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X